ТоктомКүчүндө

Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 33 «Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-1 айылынын тургуну Нурмаматов Бакыттын арызын кароо жөнүндө» токтому

Редакция22.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-шайланган депутаттарынын кезектеги X- сессиясы

 2017-жылдын 22-ноябры № 33                                                          

“Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-1 айылынын тургуну Нурмаматов Бакыттын арызын кароо жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 25-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтомуна ылайык, Дөң-Булак-1 айылынын 2017-жыл 17-ноябрындагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде, Дөң-Булак-1 айылынын тургуну Нурмаматов Бакыттын арызын карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Дөң-Булак-1 айылынын тургуну Нурмаматов Бакытка 0,51 га жер участогунун ойдуң-дөңсөөлөрүнүн топурактарын алдырып, жерди тегиздетип, бак-дарак эгип, жашылдандыруугаубактылуу пайдаланууга берилсин.

СуралсынОш областык айлана чөйрөнү коргообашкармалыгынантиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы.

 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П.Эсеналиев