ТоктомКүчүндө

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 14/5 «Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден турган взносун бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 6-чакырылышындагы кезектеги 14-заседаниеси

2017-жылдын 19-декабры № 14/5

 

“Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден турган взносун бекитүү жөнүндө”

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги 14-заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер взносу бир балага бир айга 400 сомдон бекитилсин.

2.Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяева, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж. Пазыловаларга ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат счетуна төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ө. Акбашов