Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06- февралы № 34
“Чуй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор сынагына катышуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым Укуктуу Өкүлүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № Т/10 айыл аймактардын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу демилгелерин колдоого багытталган, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган Чуй облусунун Өнүктүрүү Фондунун долбоордук табыштамалардын сынагын жарыялоо жөнүндө телефонограммасы менен таанышып, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор сынагына катышууга таштанды контейнерлерин жана таштандыларды чыгарууга техниканы сатып алуу боюнча “Таза айыл–таза коом” долбоору бекитилсин.
2. Долбоорду уткан учурда долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн.
Төрага | С. У. Дунганов |