Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06- февралы № 36
“2017-жылдын бюджетин аткаруу жана 2017-жылдын 01-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”
2017-жылдын бюджетин аткаруу жана 2018-жылдын 01-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет экономика, ишкердик иш боюнча комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше боюнча аткарылышы 20666,7 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде ата-энелер төлөмү айылды көрктөндүрүү жана кошумча берилген акча каражаттары – 1773,9 миң сом бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин боюнча аткарылышы 19948,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде бюджет жана атайын эсептин 2017-ж. 01-январына болгон калдыктарынын эсебинен 4169,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бюджет боюнча 2018-жылдын 01-январына карата акча каражаттарынын калдыктары 4346,8 миң сом, атайын эсеп – 541,3 миң сом өлчөмүндө төмөнкү бөлүктөргө бөлүштүрүлсүн:
4. 70111-аппарат
1. Сый акы – 977,2 миү сом
2. Компьютерде иштөө үчүн - 359,5 миң сом
3. Соц.фондго чегерүү – 230,6 миң сом
4. Эмеректерди жана компьютерлерди сатып алуу – 300,0 миң сом
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 31-бер. 7,10-пунктуна ылайык, “Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине сый акы, сыйлоо, материалдык жардам төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” жобонун, КР Эмгек Кодексинин 145-бер., КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27.08. № 863 “Өзгөчө шарттарда колдонулуучу эмгекке акы төлөө жөнүндө” токтомунун, МСЭК жана ооруларды алдын алуу департаментинин корутундусунун негизинде.
Бардыгы – 1867,3 миң сом
70629-ТКЧ
1. Башка чыгашалар (Тех.шарттар, долбоорлук ишкагаздар)-33,0 миң сом
2. Таштанды контейнерлерди сатып алуу – 100 миң сом
3. Соц. турак жайга ТП сатып алуу – 700 миң сом
Бардыгы: 833,0 миң сом
70911 – бала бакчалар
1. Демилгелүү грантка кошумча төлөө – 1646,5 миң сом
Бардыгы: 1646,5 миң сом
Бардыгы бюджет боюнча – 4346,8 миң сом
Атайын каражаттарынын 2018-жылдын 01-январына карата акча каражаттарынын калдыктары 541,3 миң сом өлчөмүндө төмөнкүгө бөлүштүрүлсүн:
70111-Аппарат
1. Канц.-чарбалык товарларды сатып алуу – 128,8 миң сом
70911- бала бакчалар
1. Видеокамераларын орнотуу, картриджтерди толтуруу-50,0 миң сом
2. Ашканага , сакталуучу жайга стелаждарды орнотуу-98,5 миң сом
3. Ашканага генераторду сатып алуу – 77,1 миң сом
4. Тамак-аш – 186,9 миң сом
Атайын эсеп боюнча бардыгы: 541,3 миң сом.
Төрага | С.У. Дунганов |