Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06- февралы № 37
“2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө бюджет, экономика, ишкердик иш боюнча комиссиясынын корутундусун жана ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи Май айыл өкмөтү көрсөткөн 2018-жылдын бюджети 24698,8 миң сом өлчөмүндө, 1300,0 миң сом – атайын эсебин эске алуу менен бекитилсин.
2. 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 24698,8 миң сом түзгөндүгү жана жергиликтүү жалпы мамлекеттик салыктардан түшкөндүгүнүн эсебинен түзүлгөндүгү аныкталсын.
3. 2018-жылдын күнүмдүк чыгымдарын төмөнкү бөлүктөр боюнча каржылоо бекитилсин.
Расходы | Спец. счет | Местный бюджет | Всего |
Аппарат | 46,7 | 4248,9 | 4295,6 |
Китепкана |
| 338,4 | 338,4 |
Клуб |
| 127,4 | 127,4 |
Бала бакчалар | 1253,3 | 3453,7 | 4707,0 |
№ 1,4 – АОМ |
| 5427,1 | 5427,1 |
ТКЧ |
| 5863,0 | 5863,0 |
Айыл чарба |
| 200,4 | 200,4 |
Жайыт комитет |
| 300,0 | 300,0 |
Соц.кызматтар |
| 620,9 | 620,9 |
Башка маданият иш-чаралар |
| 380,0 | 380,0 |
Жарандык коргоо |
| 39,0 | 39,0 |
Эс алуу, спорт, маданият жана дин маселелери башка категорияларга таандык болбогон |
| 2400,0 | 2400,0 |
Бардыгы | 1300,0 | 23398,8 | 24698,8 |
4. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоо нагыз алынган кирешелерден жүргүзүлө тургандыгы, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акы, тамак-аш, коммуналдык кызматтарды тейлөө, соц. кызматтар) аныкталсын.
5. КР бюджеттик кодексинин 16.05.2016-ж. № 60 110-бер. ылайык “Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча” 240,1 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Штаттык саны бекитилсин: 70111 бөлүгү-16 бирдик, 70821 бөлүгү – 4 бирдик, 70823 бөлүгү – 2 бирдик.
7. Контракттык негизинде тазалоочунун 1 бирдиги 2500 сом маянасы менен, от жагуучунун 2 бирдиги 2500 сомдон 5 ай жылытуу мезгилине, кароолчунун 1 бирдиги 3390 сом маянасы менен түнкү күзөтүүнү эсепке алуу менен, дворниктин 1 бирдиги 2500 сом маянасы менен, тех. көзөмөлчүнүн бирдиги 500 сом маянасы менен бекитилсин.
8. Айыл аймактын аймагында 30 адамдан турган футбол командасы бекитилсин (жаштар-18 адам, ардагерлер -12 адам)
9. “Мугалимдин статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде билим берүү кызматкерлерине жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине электр энергиясына коммуналдык кызматка төлөп берүү каралсын.
10. Айыл өкмөтүнүн башчысына КР бюджеттик кодексинин негизинде, жыл ичинде бюджет жана атайын эсеп боюнча пландан тышкары түшүүлөрдү, бөлүштүрүүгө, ошондой эле акча каражаттарды керектүү чыгаша жана киреше беренелерине жылдырууга укук берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | С.У. Дунганов |