Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
12..03. 2018 ж. № 51/XIX – 1
Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө.
23.09.2011 - жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчиктеги жер аймактарына акылуу менчик укуктарын берүү же болбосо арендага берүү шарттары жана ирээти жөнүндө” № 571 Жобосунун 3 главасы 7 пунктунун талаптарынын негизинде жана комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн жумуш ордунун которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамына төмөнкү иретте өзгөртүү киргизилсин:
Жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
1. Акматбеков С.М.
- Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
1.Рысалдиева З.Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси -юрист.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү иретте бекитилсин:
1.Рысалдиева З.Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси - юрист
2.Кабаев Э.О. –Кайынды шаарынын мэриясынын киреше боюнча башкы адиси.
3.Курамаев Н.Е. – Кайыңды шаарынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
4. Адиль у. Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын материалдык учет боюнча адиси.
5. Момунбаев С.Н. – Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты
6.Подгорный Е.А. – В.В. Казаченко атындагы № 1 мектеп-лицейинин мүдүрү.
7. Молдалиева Б.Дж. – Алты – бакан бала бакчасынын башчысы.
3.Кайынды шаардык кеңешинин № 21/X- 1 2017–жылынын 28–августундагы токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |