Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.03.2018-жыл №3
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн аймагынын тургуну маркум Ниязалиев Кубанычбектин ысымын Өзгөрүш айылынын Алма Аят конушунун ички көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн аймагынын тургуну маркум Ниязалиев Кубанычбектин ысымын айылдын Алма Аят конушунун ички көчөсүнө ыйгаруу боюнча жергиликтүү жааматтын сунушун карап чыгып, талкуулап жана Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктунун негизинде, Өзгөрүш айылдык Кенешинин кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгорүш айылынын Алма Аят конушунун ички көчөсү Ниязалиев Кубанычбек атындагы көчө деп аталсын.
Аталган көчөнү атоо боюнча кеткен чыгымдар Ниязалиев Кубанычбектин балдары өз ыктыяры менен жамааттын демилгеси эске алынып жасалсын.
Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жөнөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А.Атамбеков |