Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты №8
3,2 га аянтындагы жер участогун К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которуу жөнүндө
Кара-Балта мэриясынын 2018-жылдын 6 - мартындагы № 01-5/260 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын вице мэри Э.К.Орозбаковдун “«АзияВинТранс” ЖЧКнун №648478 жеке менчикке укук берген мамлекеттик актысына ылайык Кара-Балта шаары, түштүк өндүрүш зонасы дарегиндеги 3,2 га аянтындагы жер участогу К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которуу жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта шаары, түштүк өндүрүш зонасы дарегиндеги 3,2 га аянтындагы жер участогу К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которулсун.
3. Токтомдун аткарылышы өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |