Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 314 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 3-сентябры ПЖ № 290
Инвестициялык жана башка ишкердик ишаракеттерине
колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик
саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө
Кедейликти кыскартуунун улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин комплекстүү өнүктүрүү негиздеринде аныкталган инвестициялык жана башка ишкердик ишаракеттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча милдеттерди турмушка ашыруу максатында, ошондой эле III Ысык-Көл инвестициялык саммитинин резолюциясынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген "Кыргыз Республикасынын жеке секторун инвестициялоого көмөк көрсөтүү" матрицасы (мындан ары - Инвестициялык матрица) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар Инвестициялык матрицаны турмушка ашыруу маселелерин биринчи кезекте карашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Инвестициялык матрицаны турмушка ашыруу максатында эки жумалык мөөнөт ичинде жергиликтүү жана четөлкөлүк инвесторлордун, эларалык донор уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топторду түзсүн жана аларга жетекчилик кылуу, эреже катары, мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилерине жүктөлсүн;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына кирбеген башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктын, ошондой эле мындан мурдагы инвестициялык матрицалардын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет берип туруусун уюштурсун;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында Инвестициялык матрицанын турмушка ашырылышынын жүрүшү кеңири жана ар дайым чагылдырылып туруусу үчүн чара көрсүн:
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Прокуратура органдарынын эң маанилүү иш багыттарынын бири катары мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул Жарлыктын талаптарын, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузган жетекчилерине мындай кызматкерлерди кызмат ордунан бошотууга чейинки таасир этүү чараларын көрүү болуп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:
- инвестициялык матрицалардын чектеринде иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында жылдыруу үчүн бардык чараларды көрсүн;
- 2004-жылдын 1-июлуна карата кийин басмада жарыялоо менен ушул Жарлыктын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |