Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты №11
«Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалына 160-сутка жылуулук берүү сезонунун узактыгын орнотуу жөнүндө
«Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалынын мүдүрү С.В.Мельниковдун “Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезонунун узактыгы жөнүндө” маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалынын мүдүрүнүн С.В.Мельниковдун “Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезонунун узактыгы жөнүндө” маалыматы, эске алынсын.
2. Жергиликтүү климат шарттарынын жана имараттын ичинде абанын температурасынын санитардык нормаларынын негизинде «Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалына жылуулук берүү сезонунун узактыгы 160 суткада орнотулсун.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2010-жылдын 21 - майында № 3 Токтомунун күчү жоготулду деп эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышы өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Аалыев |