Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
09.03.2017-жыл № 4/2-27
Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2018-2019 жылдарга карата прогноздуу бекитүү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык жана 2016-жылга карата Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Шамбетованын маалымдамасын угуп жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши төмөнкүлрдү байкады: жергиликтүү бюджеттин чыгымдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүгө сарпталган, максаттар так тизмектелген, ар бир беренеге бөлүнгөн каражат так көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен таблицада көрсөтүлгөн, жогорку көрсөткүчтөрдөн улам Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 5590,5 миң сомго жана чыгаша булагы 5590,5 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинде:
Жергиликтүү бюджет: 4459,4 миң сом
Теңдөөчү грант: 1091,1 миң сом
Атайын эсеп: 40,0 миң сом
2.Китепкана, клуб, турак-жай чарба бөлүмүнүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык жүгүртмөсү бекитилсин. Бөлумдөр боюнча чыгашалар:
Мамлекеттик тейлөө кызматы: 2319,0 миң сом
Анын ичинен теңдөөчү грант: 1091,1 миң сом
ТЖЧ: 870,2 миң сом
Китепкана: 80,6 миң сом
Клуб: 741,0 миң сом
Билим берүү: 1119,7 мин сом
Социалдык камсыздоо: 420,0 миң сом
Жергиликтүү бюджеттен жалпы чыгым: 4499,4 миң сом
Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку компенсация: 5,2 миң сом
3. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга 6048,2 миң сом 2019-жылга – 6088,7 миң сом, божомол планын (прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата пландын киреше бөлүмүнүн божомолуна ылайык, акылуу кызматтардан келип түшкөн каражат беренесинен Юрьевка айыл өкмөтүнө 40,0 миң сом бөлүнгөн, андан бөлүмдөр боюнча чыгашалар:
АУП 30,0 миң сом
ТЖЧ 10,0 миң сом
5. 2017-жылга карата эркин калдыгы 747,3 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинен:
АУП, ТЖЧ бөлүмдөрү: айыл өкмөтүнүн апппаратына сыйлык 414,5 миң сом
Анын ичинен:
2111-берене 353,5 миң сом
2121-берене 61,0 миң сом
ТЖЧ бөлүмү:
2221-берене курулмаларды ремонтто жана жолдорду гравийлөө жана грейдерлөөгө 270,0 миң сом
3111 – берене курулмалар жана имараттар ҮДТ анализге какырык алыш үчүн навес куруу жана сырткы эшикти алмаштыруу 32,8 миң сом
Атайын эсептин эркин калдыгы 2017-жылдын 1-январына 71,6 миң сом бекитилсин
Анын ичинен:
Маданият бөлүмү
2222-берене жабдуу жана текзаттарды сатып алуу
Маданият үйүнө жылыткычтарды сатып алуу 27,5 миң сом
2215 – берене семинарларды, айылдык жыйындарды өткөрүү 44,1 миң сом
6.Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин.
7. Р.Шабатоев атындагы орто мектебинин таза сууга саналган 42,8 миң сом бекитилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Белалов |