Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
09.03.2017-жыл № 6/2-27
Малды идентификациялоо кызматын жана ветеринардык кызматтардын баасын бекитүү жөнүндө
Юрьевка айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатта малдарга салынган ийненин жана мал базарга берилүүчү ветеринардык күбөлүктүн баасын бекитүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мал доктурлардын жергиликтүү калктын малдарын дарылоодо көрсөткөн кызматы үчүн төмөндөгү баалар бекитилсин
Ветеринардык күбөлүк берүү баасы:
1.Уй, жылкы үчүн Ф№1 формасы 1 баш - 100 сом
2. Кой үчүн Ф№1 формасы - 30 сом
3. Союлган малга Ф№2 формасы -200 сом
4. Сүткө Ф-4 формасы 1 түтүн -50 сом
5. Сүткө №2 формасы 1 тонна – 25 сом
Дарылоо жана профилактикалык иш чаралар
Кан алуу баасы: Малдарга ийне салуу баасы (вакцинация):
- уй, торпок 1 баш - 50 сом 50 сом
- жылкы,тай 1 баш – 100 сом 50 сом
-кой, эчки 1 баш - 20 сом 10 сом
- свиньи – 1 баш 30 сом 15 сом
- ит- 10 сом 10 сом
-канаттуулар – 5 сом
Ири мүйүздү малды идентификациялоо
1. Мал доктурдун кызмат акысы 30 сом
2.Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар алыскы жайыттарда же кошараларда өткөрүлсө, мал доктурду үйгө чакырууда жол акысы келишим негизинде каралат.
Төрага | Р.Белалов |