Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
14.03.2017-жыл № 7/3-27
Юрьевка айыл аймагынын 2017-жылга карата биргелешкен иш-аракеттер планын бекитүү жана Юрьевка айыл аймагынын артыкчылык көйгөйүн бекитүү жөнүндө
Юрьевка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн өнүктүрүү максатта жана ошондой эле айылдын көйгөйлөрүн биргеликте изилдөөнүн негизинде аныкталган көйгөйлөрдү чечүү максатта Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Юрьевка айыл аймагынын 2017-жылга карата биргелешкен иш-аракеттер планы бекитилсин.
Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джекшембаевке:
2017-жылга карата биргелешкен иш-аракеттер планы аткарууга алынсын;
2017-жылдын бюджетине пландагы иш-чараларга акча каражат каралсын;
“Спорт ден-соолуктун негизи” проектиси приоритеттүү болуп саналсын.
Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джекшембаевке:
“Спорт ден-соолуктун негизи” проекти аткарууга алынсын;
2017-жылдын бюджетине “Спорт ден-соолуктун негизи” проектин аткарууга 100,0 миң сом акча каражат каралсын, анын ичинен 50,0 мин сом айыл өкмөттүн бюджетинен, 50,0 миң сом жергиликтүү жамааттын эмгек салымы;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Белалов |