Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы №44
Садыр аке айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30дагы №75 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын 6 бөлүмүнүн.31-беренесинин 6 пунктуна ылайык, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Н.Сыдыкованын айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 15 % пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошуп берүү жагы каралсын.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Аруновго жана ФЭБтин башчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Кадыркулов |