Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
19.12.2017-жыл №30
«Бюджет бекитүү жөнүндө»
Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше жана чыгаша боюнча бюджетин бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2018-жылдын бюджеттик киреше бөлүгү айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаттардын эсебинен түзүлөт.
Май айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттик кирешелер 7956,1 миӊ сом жана чыгашалар 7956,1 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде теӊдөөчү грант – 3578,5 миӊ сом, жергиликтүү бюджет- 4377,6 миӊ сом.
Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир беренеден экинчи беренеге өзгөртүү киргизүүнү көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы С.Белековага милдеттендирилсин, ал эми бөлүмдөн бөлүмгө кошумча жылдыруу жагы Май айыл кенешинин бюджет-экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиясында каралгандан кийин айылдык Кеӊештин токтомунун негизинде жүргүзүлсүн.
Жергиликтүү бюджетти жана теӊдөчүү грантты каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге жүргүзүлсүн.(айлык акы,соц.фонд) жана коммуналдык чарбага(э/энергия,көмүр)
Жыл ичинде өткөрүлүүчү ар кандай иш- чаралар үчүн резервдик фондусунан жана
даталуу күндөргө (майрамдар) байланыштуу өткөрүлүүчү иш- чараларга каралган акча каражаттары накталай алынсын.
Кол тийгис (өзгөчө кырдаал) акча каражаты зарыл болгон учурда накталай алынсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊешинин бюджет-
экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О. Абдрахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Өзүбеков |