Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 6- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ
9- СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
30-октябрь 2017-жыл № 9-3
Көк-Жар айыл аймагынын борборундагы «Эс алуу паркын» оңдоо иштерин Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантынын эсебине киргизүүгө макулдук берүү жана өздүк салымын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен кароого макулдук берүү жөнүндө.
Көк-Жар айыл аймагынын борборундагы «Эс алуу паркын» оңдоо иштерин Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантынын эсебине киргизүүгө макулдук берүү жана өздүк салымын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен кароого макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын бюджеттик бөлүмүнө негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көк-Жар айыл аймагынын борборундагы «Эс алуу паркын» оңдоо иштерин Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантынын эсебине киргизүүгө макулдук берүү жана өздүк салымын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен 595 386 (беш жүз токсон беш миң үч жүз сексен алты ) сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.
ИПШ. ИТШ, локалдык системалары үчүн, акча каражаттары бюджеттик өздүк салымынын эсебинен кароого макулдук берилсин.
Бул ишти турмушка ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мукубаевге тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | Н.Туманов |