Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 6-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ 10-СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМ
25-декабрь 2017-жыл №10-5
Көк-Жар айыл өкмөтү менен Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө.
Көк-Жар айыл өкмөтү менен Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда келишим түзүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтү менен Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтү менен Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда келишим түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |