Редакцияот 18,10,2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

18.10.2017-ж. №3

Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы № 145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-ж.  № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып Оро айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оро айылдык аймагынын “Күмүштак” өзөнүнүн жолдун жээгинен чакан ГЭС куруу үчүн  жалпысы  6,20га жер аянтын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2. Бөлүнгөн жер аянты  “Суу фондусу жер категориясынан “ өнөр жай жана транспорт категориясына”  которуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков