Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №35
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү (атайын каражатты кошкондо) 3905,6 миң сомго бекитилсин.(маалыматтар тиркелет)
3.2018-жылга теңдөөчү грант 8299,1 миң сомго бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына калтырылсын.
6.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |