Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл № 36
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы ар бир депутаттын сунуш-пикирлерин эске алуу менен толукталып жана талкууланып айылдык кеңештин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө Кетмен–Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу ар бир депутатка милдеттендирилсин.(иш план тиркелет).
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча туруктуу комиссиялардын отурумунда каралып, ар бир туруктуу комиссиянын иш пландарын иштеп чыгуу жана аткарууга алуу туруктуу комиссиянын төрагаларына (төрайымдарына) тапшырылсын.
Ар бир туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин: Айылдык Кеңештин жана анын компетенцияларына кирген маселелерге арналган иш чараларга катышып аткарылган иштери жана кабыл алынган чечимдердин көчүрмөлөрү маалымат тактайларына жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалсын.
Бул токтомлдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |
“БЕКИТЕМИН”
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы
______________________ О.Көксариев.
“________”_____________________ 2018-жыл
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылга ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иштин темасы | Аткаруу мөөнөтү | Ким даярдайт | Ким аткарат | Аткарылгандыгы жөнүндө белги |
1 | 2018-жылга Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү. | февраль | Көксариев.О. Турсунбаев .Ө Эсенбекова.Ж. | Эсенбекова.Ж. Кеңештин депутаттары |
|
2 | 2017-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыгын угуу, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын өнүгүү планы. | март | Тиешелүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү | Чороев .И. Карымшакова.Г. Мырсырайымов.Н. |
|
3 | Мектептердин жылуулук системасынын иштеши,окуу-тарбия иштеринин жүргүзүлүшү,башталгыч класстарынын тамактануусунун сапаты боюнча иш алып баруу. | Апрель Май. | Тиешелүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү | Батырканова.Г. Айыл башчылар Мектеп жетекчилери
|
|
4 | 1)Жазгы талаачылык жумуштарына карата даярдыктар,дыйкандардын абалы,техникалардын абалы ж.б | Апрель | Тиешелүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү | Жолоков.Т. Мурзабеков .Р. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери |
|
5 | Шайлоо округдарында жазгы иштер жана калктын социалдык жашоо тиричилиги боюнча жолугушууларды өткөрүү. | апрель | Айыл башчылар. График түзүп иш алып барат | Туруктуу комиссиялардын төрагалары. |
|
6 | Айылдарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү,санитардык абалын жакшыртуу. | Март Апрель Май | Туруктуу комиссиялардын төрагалары | Жолоков.Т. Мурзабеков Р. Мырсырайымов.Н. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери |
|
7 | Малдарды жайытка чыгаруу убагы жана багуу баасы,айдап себүүнүн баасы.Элдик жыйындардын токтомдорун бекитүү. | Апрель | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Жолоков.Т. Мурзабеков.Р. Мырсырайымов.Н. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери
|
|
8 | Суу түтүктөрүнүн, арыктардын, каналдардын абалы.
| Апрель Май |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Жолоков.Т. Мурзабеков.Р. Мырсырайымов.Н. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери Таза суу бирикмесинин башчылары. |
|
9 | Малдарды вакцинациялоо. Малдардын ооруларын алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшү. | (иш план боюнча ) Октябрь,ноябрь, декабрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Таштанкулов.Т. Айыл башчылар. |
|
10 | Айыл өкмөтүнүн аймактык Т.Суранчиев атындагы ооруканасынын, №6 УДТнун жетекчилеринин маалыматтарын угуу. | июль |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. |
|
|
11 | Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы. Айылдардын ички тартиби, участкалык инспектордун жүргүзгөн иштери. | Июль | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | ПОМдун кызматкерлери |
|
12 | Терек-Суу жана Уста –Сай почта бөлүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтарын угуу. Пенсия, пособиялардын берилиши. Соц.адис. соц.тейлөөчүлөрдүн иштери,пособиянын чегерилиши. | Июнь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Мангочкорова .З. Стамалиева .А. |
|
13 | Балдар бакчасынын иши. Балдардын сабактары, тамактануусу ,режимдин аткарылышы. | Июнь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү.
| Жуматаева.Б.
|
|
14 | Эгиндерди сугаруунун абалы,айдап себүүнүн жыйынтыктары | сентябрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Жолоков.Т. Мурзабеков.Р. Сульпиева.А. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери
|
|
15 | Мектептердин ремонт иштери, билим-тарбия иштеринин жыйынтыктары .Жаңы окуу жылына даярдыктар. | Июль Август |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Мектеп жетекчилери жана Зав.хоз. |
|
16 | Күзгү жыйым-теримдин,кышка даярдыктын абалы. | Ноябрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Жолоков.Т. Мурзабеков .Р. Мырсырайымов.Н. Айыл башчылар. УОСтун кызматкерлери |
|
17 | Жалпы калктын социалдык –экономикалык абалына анализ. Шайлоо округдарында жолугушууларды өтүү. | Декабрь |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Жооптуукатчы,салык инспекторлору, айыл башчылар, соц.адис,статист-экономист. (тиешелуу адистер) |
|
18 | Маданият кызматкерлеринин маалыматын угуу. клуб,китепкана,музей. | Ноябрь
| Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Досуева.Т. Озубекова .А. Жолдошова .Р.Сманов .Т. |
|
19 | Коомдук уюмдардын жургүзгөн иштери .Мечит. Имамдардын ысырапкорчулукка карата жүргүзгөн иштери. | ноябрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Айыл башчылар |
|
20 | Жылдын жыйынтыгы.Калк үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүү. | Декабрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Айыл башчылар, Маданият кызматкерлери,мекеме жетекчилери. |
|
21 | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жасаган иштери боюнча жылдык маалыматтарын угуу. | Декабрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары,мүчөлөрү. | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери
|
|
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Эсенбекова