Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018-жыл №37
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылдагы аткарган иштери жана 2018 -жылга карата жайыт акысы боюнча .
Кетмен–Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбаев Уландын 2017- жылга чогулткан жана чыгымдаган отчетун угуп Кетмен – Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын IX кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кетмен–Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жылга карата түзгөн сметасы жактырылсын
Жайыт комитетинин башчысына жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнө жайыт жерлерин жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген бир жылдык жана көп жылдык пландардын негизинде иш жүргүзүүсү милдеттендирилисин.
2018- жылга карата жайыт комитетинин төрагасына келечек пландагы иш чараларын мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жайгаштыруу менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Жайыт жерлеринде аткарыла турган иш чараларды порталга жарыялоо айыл өкмөтүндө уюштурулган сатып алуулар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |