Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №38
“Таза суу” бирикмесинин калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин кароо боюнча
Калкты Таза суу менен камсыз кылуу боюнча бүгункү күндө аткарылып жаткан иштер жана көйгөйлүү маселелер боюнча ушул бирикменин бухгалтери Жүйшенова Жаңылбүнүн билдирүү маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калктан жыйналуучу Таза суунун акча каражаты (төлөмү) 2018-жылга карата төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: бир жылга ар бир кожолукка -360(үч жүз алтымыш) сомдон,короосунун ичинен суу чыгарып ичип жаткан кожолуктар үчүн жылына -1000(миң) сом,мектептерге,бала бакчага,ооруканага,ашаканаларга,мончолорго жылына -3000(үч миң) сомдон төлөм .Бул төлөмдөрдү топтоо иштерине айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жардам берүү иштери тапшырылсын.
2.“Таза суу” бирикмесинин калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери боюнча маалыматтарды тактап өз учурунда калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерине жумушчуларды иштетип ,айлык маяналары менен камсыз кылуу бухгалтер Дүйшеновага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке тапшырылсын.
4.Бул токтомун аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүү туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
5.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |