Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №39
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кырк-Казык калктуу конушундагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын денгээлин өркүндөтүүгө багытталган “Кырк-Казык ФАП” долбоору боюнча.
Үлүштүк(дем берүүчү)гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү топтун мүчөлөрүнүн жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштары боюнча маалыматтарыын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнундөгү”мыйзамына таянып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кырк-Казык калктуу конушундагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын денгээлин өркүндөтүүгө багытталган “Кырк-Казык ФАП” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 650 000 сом болуп бекитилсин.Бекитилген акча каражаты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнуп берилсин.
3.Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 90 000(токсон миң)сом болуп бекитилсин.Бул акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4.Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн.Алар өз ишинде Үлүштүк(дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
5.Бул токтомдун 1,2 пункттарын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Карымшаковага жүктөлсүн.
6.Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына калтырылсын.
6.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |