Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №40
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылындагы ФАПтын имаратынын ичинен тазаа суу чыгаруу үчүн башкаруу аппаратынын мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымынан(статья 2221) 24,0 сом жумшалсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин Сманов Бабан атындагы клубдун ажатканасын курууга мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымынан(статья 2221) 25,6 сом жумшалсын.
3. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кире беришине окуучулар эс алуучу чатырча жана отургучтарды жасатуу үчүн мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымынан(статья 2221) 70,0 сом жумшалсын.
4.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына калтырылсын.
6.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |