Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №41
Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ кубаттуулуктагы подстанцияны Жалал-Абад электрондук өздүк эсебине өткөрүп берүү жөнүндө
Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ кубаттуулуктагы ,жалпы суммасы 8 560 000 сомдук подстанцияны мындан ары айыл өкмөтүнүн тейлөө мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу Жалал-Абад электронун өздүк эсебине акысыз өткөрүп берүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ кубаттуулуктагы жалпы суммасы 8 560 000 сомдук подстанцияны мындан ары айыл өкмөтүнүн тейлөө мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу Жалал-Абад электронун өздүк эсебине акысыз өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына
тапшырылсын.
3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып
мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |