Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018-жыл №42
Жер тилкелерин сурап кайрылган жарандардын суроо талаптары боюнча Терек-Суу айылынын тургуну Бекишов Мырзаболот Токтоболотовичтин жер участогун сураган арызы жөнүндө.
Терек-Суу айылынын тургуну Бекишов Мырзаболот Токтоболотовичтин жер участогун сураган арызын карап чечип берүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн жер адистери Жөлөков Турсуналыга жана Мурзабеков Рысбекке Терек-Суу айылынын тургуну Бекишов Мырзаболот Токтоболотовичтин жер участогун сураган арызын карап чечип берүү боюнча комиссиясынын кароосуна даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
2.Жер участогун сурап кайрылган Бекишов Мырзаболот Токтоболотовичтин кайрылуусу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясына кароого койулуп мыйзам чегинде чечилип берүүсү тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com.сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |