Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018 жыл №43
Чоң-Арык айылынын тургуну Жайлообаева Күмүштүн магазинге берилген жеринин профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү жөнүндөгү арызы боюнча
Чоң-Арык айылынын тургуну Жайлообаева Күмүштүн 2002-жылдын 14-октябрындагы № 80 чечиминин негизинде жеке менчикке магазинге берилген жеринин 0,09 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү боюнча арызын карап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жайлообаева Күмүштүн арызы боюнча мурда пайдаланып жүргөн жеринен 0,09 га жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын топтоп айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшыруу жер адис Т.Жөлөковго милдеттендирилсин.
2. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агарардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушташсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |