Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018-жыл №44
Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана курамын өзгөртүү маселеси
Кеңештин карамагына тиешелүү болгон маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кеңештин негизги структуралык органдары болгон айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө. Кетмен–Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №7-токтому менен бекитилген Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин регламентинин 9-главасынын 9.10. жана 9.11. пункттары боюнча айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет.Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык Кеңешке отчет беришет. Ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аралыгында, зарылчылыгына жараша,айылдык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө,мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар. 2018-жылга кеңештин негизги структуралык органдары болгон айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө Кетмен–Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
1). Пландоо,бюджет,экономика,өнөр жай,курулуш,транспорт,энергетика,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү,инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча.
2).Айыл чарба ,жер жана агрардык саясат ,экология,айлана-чөйрөнү коргоо,спорт,туризм,
3). Билим берүү жана дин иштери ,саламаттыкты сактоо,маданият маселелери, жаштар саясаты, депутаттардын этикасы,атуулдардын арыз-даттануулары жана кайрылууларын кароо боюнча комиссия.
2.Жогорудагы бекитилген туруктуу комиссиялардын ар бирине тиешелүү адистиги жана иш тажрыйбасы бар депутаттар бөлүштүрүлүп ,Кеңештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткаруу,кенешке келип түшкөн жарандардын сунуштарын арыздарын,даттанууларын карап чыгууга,келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга жоопторду белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |