Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018-жыл №45
Туруктуу комиссиялардын төрага,төрайымдарын жана курамын өзгөртүү маселеси
Ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аралыгында, зарылчылыгына жараша,айылдык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө,мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар. 2018-жылга кеңештин негизги структуралык органдары болгон айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын курамын бекитүү жөнүндө Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына депутаттар төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
1) Пландоо,бюджет,экономика,өнөр жай,курулуш,транспорт,энергетика,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү,инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча.
1.Турсункулова Акынкыз 5.Байтиков Канжарбек
2.Токторалиев Алмаз 6.Батырбек уулу Аскат.
3.Жумалиева Анаржан 7.Чотоева Гулзат
4.Анарбек уулу Кубанычбек
2)Айыл чарба, жер жана агрардык саясат ,экология ,айлана-чөйрөнү коргоо,спорт,туризм иштери боюнча.
1.Чороев Бакыт 4.Кыпчакбаев Кубанычбек
2.Сульпиев Нурлан 5.Абдралиев Алмазбек
3.Чотоев Жайлообек 6.Алишов Азизбек
3) Билим берүү жана дин иштери ,саламаттыкты сактоо,маданият маселелери, жаштар саясаты, депутаттардын этикасы,атуулдардын арыз-даттануулары жана кайрылууларын кароо боюнча .
1. Бекташов Жаанбек 4.Ашырбаев Урмат
2. Артыкбеков Айдарбек 5. Стамалиева Аида
3.Муратова Алия 6. Бердалиев Жумакмат
2.Жогорудагы бекитилген туруктуу комиссиялардын ар бирине Кеңештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткаруу,жергиликтүү кеңештин сессиясынын алдында жоопкерчилик алып жүрө тургандыгы жана отчетторун белгиленген мөөнөттө берүү иштери милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |