Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-февраль 2018- жыл №46
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын (төрайымдарын)бекитүү жөнүндө
Кеңештин карамагына тиешелүү болгон маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кеңештин негизги структуралык органдары болгон Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын (төрайымдарын)бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнүн отурумунун негизинде төмөнкү депутаттар төрага(төрайым) болуп бекитилсин:
1)Пландоо,бюджет,экономика,өнөр жай,курулуш,транспорт,энергетика,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү,инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз.
2)Айыл чарба ,жер жана агрардык саясат ,экология,айлана-чөйрөнү коргоо,спорт,
туризм боюнча комиссиясынын төрайымы Чороев Бакыт Каланбаевич.
3) Билим берүү жана дин иштери ,саламаттыкты сактоо,маданият маселелери, жаштар саясаты, депутаттардын этикасы,атуулдардын арыз-даттануулары жана кайрылууларын кароо боюнча комиссиясынын төрагасы Ашыралиев Урмат Аркарбекович.
2.Жогорудагы бекитилген туруктуу комиссиялардын төрагаларына (төрайымдарына) кеңештин тапшырмаларын аткаруу,жергиликтүү кеңештин сессиясынын алдында жоопкерчилик алып жүрө тургандыгы жана отчетторун белгиленген мөөнөттө берүү иштери милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |