Загрузка документа…
ЭӉИЛЧЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
01.04.2017-ж. № 14
Эӊилчек айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Эӊилчек айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 3-февралындагы кезектеги 3-сессиясында депутаттардын ичинен 3 туруктуу комиссиясы түзүлгөн: Жергиликтүү бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, Жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. Бирок экономика, инвестиция, айыл чарбасы, муниципалдык менчик, жаштар, маданият, этика, спорт маселелери каралбай калууда. Эӊилчек айылдык кеӊешинин ишин жакшыртуу максатында, Эӊилчек айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эӊилчек айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгү курамда түзүлсүн:
- Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясы жана курамы: Усубакунов Б., Чалабекова В., Турусбеков Ж., Орозбекова Г. Мамырканов Р.
- Жаштар, маданият, этика, спорт, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы жана курамы: Дыйканова Т., Дылдаева Ж., Абдралиев У., Бегетов З., Чолпонбаева А.
2. Эӊилчек айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 3-февралындагы кезектеги
3-сессиясын чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | Кылчыкбаев К.У. |