Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
25.12.2017ж №29/8-1
Чолпон-Ата шаардык бюджетинин 2017-жылдын 9-айынын ичинде аткарылышы тууралуу
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы А.Токтобекованын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9 айынын ичинде аткарылышы тууралуу маалыматын угуп, шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун бүтүмүнүн негизинде маселени талкуулап чыгып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 100,4 пайызга аткарылган (такталган план 52920,4 миң сом, аткарылганы 53155,5 миң сом) 2016-жылынын 9 айында 58861,1 миң сом түшүп, өсүү темпи 0,9 пайызды түзгөндүгү белгиленип, канагаттандыраарлык деп табылсын.
Чолпон-Ата шаарынын мэри Саралаев К.Атин жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планында каралган иштерге коромжулук менен пайдаланылгандыгы, так толук аткарылбай калгандыгы белгиленип, ишмердүүлүгүнө баа берүү жылдын жыйынтыгы менен каралсын.
Токтомду көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Сарбагышев |