Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017ж №29/8-2
Жергиликтүү бюджеттен акча-каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун бүтүмүнүн негизинде, Чолпон-Ата шаарындагы №6 «Солнышко» бала бакчасынын башчысынын жазган кайрылууусун карап чыгып,талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык планына №6 «Солнышко» бала бакчасынын эшик, терезелерин заманбап пластик эшик, терезелерге алмаштыруу иштери киргизилсин.
2.Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ѳздүк салым катары ушул долбоорду иш жүзүнѳ ашыруу үчүн 1288119(бир миллион эки жүз сексен сегиз мин жүз он тогуз ) сом акча-каражаты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу бѳлүмүнүн «3111-Имараттар жана жайлар» элементине каралып бекитилсин.
3. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Кѳл райондук Финансы бѳлүмүнѳн каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Чолпон-Ата шаарынын мэри К.Саралаевге жана каржы бѳлүмүнүн башчысы А.Токтобековага милдеттерилсин.
5.Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча» жана «Билим берүү, туризм, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык суроолор боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Т.Сарбагышев |