Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017ж №29/8-6
Жайыт комитетинин иштери жөнүндө
Учурда Чолпон-Ата шаарынын мал багуучулары 5600 гектар мамлекеттик жайытты пайдаланууда.
2017-жылдын иш планына ылайык малчылар жана жарандар менен жыйындар ѳтүп, тарифтер чечилип, жайыт салыгын тѳлѳѳ боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошол себептен ички жайыттарды бѳлүп берүү, мал башын тактоо жумуштары аткарылган. Быйыл малдын саны бардыгы 4423 болду. Анын ичинен 3975-кой, эчки; 448-баш бодо мал. Ар бир кой-эчкиге 10-сомдон, ар бир бодого 50-сомдон салык тѳлѳндү. Салыкка 52000 (элүү эки миң) сом төлөнгөн. Баардыгы 62150 (алтымыш эки миң бир жүз элүү) сом чогулган. Ошондой эле быйыл кой кыркуу жумуштары убагында аткарылган, жана пастерелеоз, эмкар, бруцеллеоз, шарп, серология ооруларына каршы алдын ала эмдѳѳлѳр жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек азыркы убакта көйгөйлүү маселелердин бири күпкө салынбай атат, Жайыттын мамлекеттик актысы алына элек.
Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин төрагасы А.Бакировдун маалыматын угуп, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакировдун маалыматы эске алынсын.
Чолпон-Ата шаарынын (К.А.Саралаев) мэриясына жана жайыт комитетинин төрагасына (А.Бакиров) күпкө салуу, жайыттын Мамлекеттик актысын алуу боюнча иштерди тезинен жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакировко келерки жылдардан баштап жайытка чыгуу үчүн малчылар менен келишимди апрель айында түзүшү милдеттендирилсин.
Токтомду көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин «Экология, көрктөндөрүү, жашылдандыруу, турак жай, жер(жайыт, үлүш) жана жеке ишкер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Сарбагышев |