Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25.12.2017ж №29/8-7
Муниципалдык менчиктеги жерлердин жана объектилердин укугун жана пайдалануусун көзөмөлдөө жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Асаналиевдин маалыматын угуу менен Чолпон-Ата шаардык кеңеши тарабынан бекитилген «Курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежеси» боюнча укуктук зонированияга тиешелүү жерлердин категориясынын багыты турак жай салуу эмес болсо дагы, шаар тургундары аркылуу өзүм билемдик кылып, турак-жай үйлөрүн мисалы: 3-кичи районунда уруксаты жок, автобекеттин жанында жогорку чыңалуулуктагы электр зымдарынын жанында, стратегиялуу объектердин үстүнө салып жаткандыктары сынга алынды. Мэрия, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тийиштүү көзөмөл жоктугу боюнча маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.Асаналиевдин маалыматы эске алынсын.(маалымат тиркелет)
2.Чолпон-Ата шаарынын мэри К.А.Саралаевке:
-муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын функционалдык милдеттерин жана башкармалыктын Жобосун кайрадан иштеп чыгуу;
-Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Курулуш жана жерди пайдалануу боюнча» комиссиясынын курамын өзгөртүү, толуктоо боюнча 2018-жылдын 20-январына чейин шаардык кеңешке сунуштоо жагы тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин «Экология, көрктөндөрүү, жашылдандыруу, турак жай, жер(жайыт, үлүш) жана жеке ишкер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Сарбагышев |