Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
28.10.2017-жыл № 7-15-1
“Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берүү жана 4-тайпанын бөлмөсүнүн ремонту үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши “Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берүү жана 4-тайпанын бөлмөсүнүн ремонту үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү балдар бакчасынын башчысы С.Мамаеванын жана ата-энелердин сунушун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1.“Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берилсин жана 4-тайпанын бөлмөсүнүн ремонту үчүн 15 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
2.Балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын азык-түлүгү 2017-жылдын 31-декабрына чейин ата-энелердин эсебинен каржылансын жана 2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбооруна киргизилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча жана финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Малаев |