Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
28.10.2017-жыл № 7-16
“Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши “Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берүү жөнүндөгү балдар бакчасынын башчысы С.Мамаеванын жана ата-энелердин сунушун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1.“Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берилсин.
2. Балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын азык-түлүгү 2017-жылдын 31-декабрына чейин ата-энелердин эсебинен каржылансын жана 2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбооруна киргизилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча жана финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Малаев |