Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
11.11.2017-жыл. № 8-17
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү (СРС) программасынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү (СРС) программасынын аткарылышынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токтоматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү (СРС) программасынын аткарылышынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токтоматовдун маалыматы көнүлгө алынсын жана СРС программасынын негизинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн СРС программасында 2017-жылга белгиленген план-тапшырмалардын аткарылышы үчүн бардык иш-чараларды жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо менен ар бир иш-чаранын өз мөөнөтүндө аткарылуусун камсыз кылуу милдети ушул маселе боюнча түзүлгөн комиссияга, айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Ущул токтомдун аткарылыдышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Малаев |