Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
15.01.2018-жыл № 10-23
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык кенеши “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1–бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1.“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1–бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин:
2.Чогулуштарда көрсөтүлгөн талапкерлерди Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Малаев |