Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
17.02.2018-жыл. № 11-24
КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүштүн 2018-жылдын 24-январындагы №01-12/45-каты жөнүндө
Депутаттардын айылдык Кенеши КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жала-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Мангыт айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүно жана аткарылышына жүргүзүлгон аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн карап чыгып төмондогүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Мангыт айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүно жана аткарылышына жүргүзүлгон аудиттин жыйынтыгы боюнча Мангыт айыл өкмотү тарабынан кетирилген финансалык кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чараларды түзүп, бюджетте бекитилген акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга жол койбоо жана кетирилген кемчиликтерди тез арада четтетүү чараларын көрүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Г.Букамбаевга милдеттендирилсин.
2. Бюджеттик каражаттарды сарптоодо мыйзамдуулукту сактоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларын жетекчиликке алуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Малаев |