Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17.02.2018-жыл. № 11-27
“Биллайн” компаниясынын телеберүүлөрдү узаткыч антеннасы орнотулган жер аянтынын салыгын “Жайыт “ комитетине өткөрүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеӊеши “Биллайн” компаниясынын телеберүүлөрдү узаткыч антеннасы орнотулган жер аянтынын салыгын “Жайыт “ комитетине өткөрүп берүү жонүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1.“Биллайн” компаниясынын телеберүүлөрдү узаткыч антеннасы орнотулган жер аянты “Жайыт” комитетинин балансында болгондугуна байланыштуу антенна орнотулган жер аянты үчүн төлөнүүчү акча “Жайыт” комитетинин эсебине которулсун.
2.Жер аянты үчүн акча каржатын которуу боюнча “Жайыт” комитети менен “Биллайн” компаниясынын ортосунда келишим түзүү жагы “Биллайн” компаниясына сунуш кылынсын.
Төрага | А.Малаев |