Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17.02.2018-жыл. № 11-30
Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен негизги мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен негизги мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндөгү Толойкон айылынын тургундарынын арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Толойкон айылынын тургундарынын арызынын негизинде Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен негизги мамлекеттик менчигине өткөрүүгө уруксат берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
Төрага | А.Малаев |