Редакцияот 05,04,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫ

 

05.04.2018-жыл. № 1

«Багыш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Багыш айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Багыш айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Тиркемедеги Багыш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

Ушул токтом жана Багыш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.

Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Багыш айыл өкмөтү милдеттендирилсин.

“Багыш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитуу жөнүндөгү” Багыш айылдык кенешинин 2015 жылдын 30 январында № 3 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

Саражиев А.Б.