Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты №5
“Курманбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын “Уставын” бекитүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Курманбек айыл кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Курманбек айылдык кеӊеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Курманбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Ушул токтом жана Курманбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
“Курманбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү” Курманбек айылдык кенешинин 2015 жылдын 3-февралында кабыл алынган № 1- Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Ч.Тайгараев. |