Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 9/3
«Барпы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Барпы айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Барпы айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ
Тиркемедеги Барпы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
Ушул токтом жана Барпы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Барпы айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
“Барпы айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитуу жөнүндөгү” Барпы айылдык кенешинин 2015- жылдын 29- февралында № 3- Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага |
Абдыкулов У.А. |