Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты №2/1
Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясынын Балыкчы шаарындагы муниципалдык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык мекемесинин шаардагы ишкана мекемелерден тиричилик катуу калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи жөнүндө”
(2017 ж. 22 ноябрь айында кабыл алган)
№ 3 токтомунун 2 пункт менен кошумча толуктоо киргизүү жөнүндө
Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдыкмекемесинин шаардагы ишкана мекемелерден тиричилик катуу калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи жөнүндө” шаардык Кеңештин XXVII чакырылышынын XII сессиясынын 2017ж. 22-ноябрь айында кабыл алган №3 токтомунун 2 пунктуна кошумча толуктоо киргизүү үчүн Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Балыкчы шаардык Кенешинин XXVI чакырылышынын 13.06.2013 ж. XII сессиясынын № 5 токтомунун № 1 тиркемесидеги 3 пункту бул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу өз күчүн жоготту деп табылсын.
2.Балыкчы шаардык «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» коммуналдык муниципалдык мекемесинин ишкана мекемелерден тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык мекемесинин шаардагы ишкана мекемелерден тиричилик катуу калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи боюнча токтом Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4.Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5.Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы “Көктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчиси К.Борбашевге жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын XVI
сессиясынын № 2|1 токтомуна
№ 1 тиркеме
Балыкчы шаардык “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” коммуналдык муниципалдык мекемесинин ишкана мекемелерден тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи:
№ | Кызмат көрсөтүүнүн категориясы | Мурунку тариф 13.06.2013ж. №5 токтом XII сессия | Бекитилген тариф Январь 2018ж. баштап |
1. | Ишкана мекемелерден (шаардык чарбалар үчүн эсептөө 1м3)
| 310с (1 м2) | 350 сом |