Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017ж №30-2
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2017-жылга карата Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана айылдардын инфраструктурасын көтөрүү үчүн пайдаланбай калган резервдерден пайдалануу максатында айыл өкмөтүндө атайын иш чаралар иштелип чыгып, тийиштүү адистерге тапшырма берүү жагы айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровго жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовдон суралсын.
Төрага | И.Ажиматов |