Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017ж. №30-5
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык СПАсынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык СПАсынын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү Жаны-Арык СПАсынын жетекчиси И.Топчубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык СПАсынын арык калдарды тазалоо, эгин талааларын суу менен камсыз кылуу жана суу акыларын өндүрүү боюнча аткарып жаткан иштери жалпысынан канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык СПАсынын арык калдарды тазалоо, эгин талааларын суу менен камсыз кылуу жана суу акыларын өндүрүү боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштар жана кемчиликтерди жоюу боюнча тез аранын ичинде иш чаралар иштелип чыгып, анын аткарылышы боюнча бир айдын ичинде депутаттарга кайрадан отчет берүү жагы И.Топчубаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовдон суралсын.
Төрага | И.Ажиматов |