Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨНАЙЫЛДЫККЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017ж. №30-6
Төлөйкөнайылаймагынын 2013-2017-жылдардагы инвестициялык планына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөнайылаймагынын 2013-2017-жылдардагы инвестициялык планына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн статист-экономистинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөнайылаймагынын 2013-2017-жылдардагы инвестициялык планына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Төлөйкөнайылаймагынын 2013-2017-жылдардагы инвестициялык планына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн орун басарына, финансы экономика бөлүмүнө жанаайылөкмөтүнүн статист-экономистине жүктөлсүн.
3. БулбуйруктунаткарылышынкөзөмөлдөөжагынТөлөйкөнайылөкмөтүнүнбашчысыА.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |
Төлөйкөн айылдык аймагы
Төлөйкөн айылдык аймагынын 2013-2017-ЖЫЛДАРГА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ
жана инвестициялык планы
Бул документ Кыргыз Республикасынын «2013-2017- жылдар мезггтинде КРнын туруктуу өнуктуруунун Улуттук Стратегшсы жөнундөгу» Програлтасына негизденип, айъы өкмөтунун СИПРМТ uiumen чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кенештин депутаттары жана жергиликтууоз алдынча башкаруунун башчысы, айыл окмотунун аппаратынын кызматкерлери менен биргелешип даярдалган жана 2017- жьглга карата өзгөртуулөр киргизилди
2017-жыл
МАЗМУНУ
Киришүү
Айыл аймагынын кыскача аннотациясы
Айыл аймагынын келечеги-элеси
Учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо SWOT-анализ. (Айыл аймагынын күчтүү жана чабал жактары, айыл аймагынын мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары)
4. Айыл аймагынын стратегиялык артыкчылыктуу багыттары
5 Артыкчылыктуу багыттар боюнча койгойлор, тоскоолдуктар 6. Коюлган милдеттер
7 Аткарылууучу иш-чаралар Б.Күтүлгөн жыйынтыктар, натыйжалар.
9 Айыл аймагынын 2017-жылга карата Инвестициялык планы.
10. Мониторинг жана баалоо планы, анын индикаторлору
КИРИШҮҮ
2017-2022-жылдарга карата Төлөйкөн айыл аймагынын социалдык, экономикалык тармактары боюнча өнүктүрүүнүн стратегиясы баяндалат.
2017-2022-жылдарга айыл аймагынын өнүктүрүүнүн ушул стратегиясынын базалык принңиптери төмөнкүлөр:Төлөйкөн айыл аймагынын экономикасынын мындан ары да туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн, айыл аймагынын экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык-сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөтүү, реалдуу иш чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп эсептелет.Ошондой эле кабыл алынган иш чараларды турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу менен бирге, аларга өз убагында жагдайга жараша түзөтүлөрдү киргизип туруу зарыл.
Төлөйкөн айыл аймагы негизинен айыл чарба жана өндүрүш багытындагы айыл аймак. Ошондуктан айыл аймагында ырааттуу түрдө агрардык реформаларды жүргүзүү жана жаңы технологияларды киргизүү менен талаачылык продукцияларынын сапатын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын санын көбөйтүү менен алардын толук кандуу иштешин камсыз кылуу, кабыл алынуучу иш чаранын негизи болуп саналат.Айыл аймагынын Өнүгүү Стратегиясынын дагы бир негизги багыты - айыл аймагында жалпы дүң продукциясында өнөр жай продукциясынын үлүшүн жогорулатуу.Айыл округдун географиялык жактан ыңгайлуу жайгашышы, айыл аймагынын чекене товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү ишканаларын ачууга жакшы шарт түзөт. Ошондой эле, айыл аймагында жаңы технологиянын негизинде экспорт багытындагы продукңияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу зарыл.
Ак-Буура дарыясын бойлото туристтик зоналарды уюштуруп жана туристтер эс алуучу мейманкана-жатаканаларды куруп
туристтерди тартуу менен бирге, айыл аймагынын экономикасын жана жергиликтүү элдин кирешесин көбөйтсө болот.Айыл аймагынын экономикасына инвестициянын үзгүлтүксүз келип туруусу кабыл алынган иш чаранын аткарылышынын негизги шарты болуп эсептелет. Айыл аймагынын Өнүгүү Стратегиясынын аткарылышынын жыйынтыгы болуп, айылдардын көйгөйлүү маселеси болгон жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөшү, инвестициялык-бюджеттик салымдардын көлөмүнүн өсүүсү жана айыл аймагынын экономикасынын туруктуу өсүүсүнүн камсыз болушу эсептелет.
Бул милдеттерди чечүү үчүн, конкреттүү аракеттер жана чаралар белгиленген, алар төмөнкүлөрдү жүзөөгө ашырууга багытталган:
айыл аймагында саясий жана экономикалык туруктуулукту сактоо;
Төлөйкөн айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү, эффективдүү башкарууну түзүү, мамлекеттик башкаруунун, жергиликтүүөзүн өзу башкаруунун жана калктын кызыкчылыктарынын балансын сактоо;
улуттар аралык мамилелерди чыңдоого, калктын арасында этникалык мамилелерди сыйлоого жетишүү;
ички ресурстарды жана тыштан тартылган инвестицияны натыйжалуу пайдалануу;
эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу өндүрүштү көтөрүү;
экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
жакырчылыктын деңгээлин кескин түрдө төмөндөтүү;
бюджеттин киреше жагынын өсүшүн жергиликтүү салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү менен камсыздоо;
коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү;
-экономикалык потенциалды жогорулатуу менен айыл аймагынын экономикасынын өсүү деңгээлин сактап калуу;
*
Айыл аймагынын келечек элеси
Төлөйкөн айыл аймагы - Ош илаары менен чектешкен ,географиялык жактан жагымдуу жайгашкан, инфраструктурам, жаны технологиялардын негизинде өнөр жай ишканалары, айыл чарбасы, транспорт жана байланыш өнуккөщтуризм учун жагымдуу, калктын коомдук активдуулугу жогору болгон шаар тибиндеги аймак.
Айыл аймагынын стратегиясынын максаттары
Айыл аймагынын өнүгүү стратегиясынын негизги максаты - жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга, жашоого жана ден-соолуккажагымдуу айлана-чөйрө, биримдүү коом, элдин маданият жана адеп-ахлактыкбаалуулуктарын сактоого жана көбөйтүүгө, жарандык укуктарды коргоого,натыйжалуу демократиялык башкарууга багытталган жогорку жана сапаттуунатыйжаларга жетишүү.Өлкөбүздө жүрүп жаткан жаңы экономикалык саясаттын негизинде жаңы ишканаларды ачуу, иштеп жаткан ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, аларды кайрадан техникалык куралдануунун негизинде айыл аймагынын экономикасын көтөрүү.
Белгиленген негизги максаттарга жетишүү төмөнкү негизиги иш чараларды жүзөгү ашыруу менен аткарылмакчы:
жергиликтүү сырьелук базаны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай тармагында жыл сайын 5-8 % кем эмес, айыл чарба тармагында 5-7% кем эмес өсүү
темпине жетишүү менен айыл аймагынын экономикасын туруктуу, динамикалуу өсүшүн камсыз кылуу;
айыл аймагынын элинин эмгектик жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланышына шарт түзүү, колдо бар эмгек ресурстарын эффективдүү пайдалануу;
калктын кирешесинин көбөйүшү, аларга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын түрүн көбөйтүү, калкка жагымдуу жашоо шарттарын түзүү;
Акыркы жылдардагы айыл аймагынын экономикасынын сезилээрлик өсүп жаткандыгына карабастан, айыл аймагынын экономикасынын негизин түзгөн өндүрүш тармагы дагы эле туруксуз жана алсыз бойдон калууда.
Айыл аймагында жакырчылыктын жалпы деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо деңгээли төмөн бойдон калууда. Ошондуктан, жогорудагы белгиленген иш чараларды толук түрдө ишке ашырылышы айыл аймагынын экономикасы жана калктын турмуш деңгээлинин жакшырышы үчүн да мааниси зор.
Учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо.
КР нын Президентинин 1996-жыл 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз Өкмөтүнөн 1996-жыл 24-апрелиндеги «КР нын аймагындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу- тескөөчү органдарын - айыл өкмөтүн (сельская управа) түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Төлөйкөн жана Папан савхозунун караштуу болгон бөлүмдөрдүн базасында, Төлөйкөн айыл өкмөтү түзүлгөн.
Географиялык жайгашуусу. Төлөйкөн айыл аймагы Кыргыз Республикасынын, Ош областынын, Кара-Суу районуна карайт. Төлөйкөн Жергиликтүү өз алдынча аймагынын курамына 5 айыл болуп, алар: - Озгур,Төлөйкөн, Учар, Кыргызстан, Дыйкан- Кыштак айылдары кирет. Төлөйкөн айыл аймагы деңиз денгээлинен
800 метр бийиктикте жайгашкан. Административдик имараты райондун борборунан 25 км, ал эми облустун борборунан 1 км аралыкта жайгашкан. Территориясынын жалпы аянты 4456 га. Жеринин рельефи аралаш. Айыл аймагынын маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ынгайлашкан
Жер-суу ресурстары. Аймактын жалпы аянты - 16795 кв.км. Айыл чарба багытындагы айдоо 1224 га, сугат айдоо 829 га, кайрак айдоо 395 га, көп жылдык бак-дарак 42 га , жайыт - 3048 га , саздак жерлер- 5га га, анын ичинде: айыл чарба багытындагы жерлер -39775 га
Сугат системанын булактары катары аймактын Ак-Буура дарыясы пайдаланылат.Ак-Буура дарыясынан буруп Озгур айылын жана Төлөйкөн, Учар, Кыргызстан айылдарына канал аркылуу сугат суу жетип турат.
Климаты боюнча - кышкысын көп суук эмес, жайкысын ысык, Ак-Буураны бойлой жайгашкан айылда жайкысын салкын болуп , абанын температурасы 35-40 граду ска чейин жетет, жаан-чачыны нормалдуу болуп , куз мезгили мелүүн, салкын.
Адам ресурстары. Төлөйкөн айыл аймагы боюнча 8-шайлоо округу 14700 шайлоочу бар. Алардын ичинен 11306 шайлоочу биометрикалык каттоодон өткөн. Калгандары ар кандай себептерден улам (миграция ж.б.) каттоодон өтө элек , калктын саны 26230 адам, анын ичинен 12815 эркек, 13415 аял . Ишке жарактуу калктын саны 8653. Акыркы үч жылдын ичинде калктын саны 10%өстү. Айыл аймагында 2217 пенсионер, 229 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Сезондук миграцияда ЗОООден ашуун адам жүрөт. Айыл аймагы боюнча жыл ичинде 372 адам каттоодон чыгып кетти, 303 адам каттоого турду.
Калктын жумуштуулук жана кирешелуулук деңгели. Айыл аймактын калкы көбү мал чарбачылык, талаачылык жана калкты тейлөө менен алектенет. Төлөйкөн айыл аймагындагы 4211кожолуктун ичинен жакырчылык картасы боюнча жакыр уй бүлөөлөр деп жалпысы 121 кожолук эсептелет, алардын ичинен орто жакыр - 82 кожолук. Жалпы майыптардын саны - 229, анын ичинен 18 жашка
чейинки -49, эмгектин жана согуштун ветерандары - 24, жумушсуздар (официалдуу катталгандар) - 180 .
Мамлекеттик башкаруу органдарында - 55 адам иштешет, соода тармагында - 800 киши иштейт.
Айыл аймагы боюнча 2016-жылы өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмү 38,5 млн. сомго жетип, физикалык көлөмүнүн индекси 111,7 пайызды түздү. Андан сырткары калктын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, 240 тонна нан жана нан азыктары чыгарылды. Айыл аймагы боюнча 2016-жыл ичинде 1 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 12 жаңы жумушчу орундары түзүлдү. Алсак, Учар айылында 1 пластик эшик терезе жасоочу ишкана жана 2 акиташ чыгаруучу ишканалар иштеп, Жапалак айылында 1 таш майдалоочу ишкана ишке кирүү алдында турат. Калкка керектүү товарларды чыгаруунун көлөмү 12 айдын жыйынтыгы менен 7059,1 миң сомду түздү. Өнөр-жай тармагынын өсүүсүн камсыз кылуу үчүн, жергиликтүү сырье менен иштей турган өнөр-жай ишканаларынын санын көбөйтүп, ишканалардын жоопкерчилигин көтөрүү зарыл, себеби, көптөгөн ишканалар көмүскөдө иштешүүдө. Иштеген иштеринин көлөмүн жашырууда, же азайтып беришүүдө. Таза экономика болуу үчүн таза ишкана болуусу зарыл. Алардын жүргүзгөн иштери толук маалымат чагылдырылышы керек, иш жүзүндө андай болбой келүүдө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүу. Төлөйкөн айыл аймагындагы 4 мектепте 126 мугалим эмгектенет, 1400 окуучу окуйт. Кыргызстан айылында “Алтын- Таажы” бала бакчада жалпы 150 бала тарбияланат. Бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу мектепке чейинки балдарды тарбиялоо иштери толук кандуу жүргүзүлбөйт.
Билим берүү тармагындагы кемчиликтер:
Мектепке чейинки балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү.
Бала бакчалардын жетишсиздиги
Билим берүү мекемелердеги кадрлардын жетишсиздиги.
Мектепте заманбап оргтехникалардын жетишсиздиги.
Мугалимдердин статусунун төмөндүгү
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу шарттарынын жоктугу
Психолог мугалиминин жоктугу жана ушул сабакты мектепке милдеттүү түрдө киргизүү (окуучулар арасында суициддин, уулануу фактыларын алдын ала чара көрүү)
Спорт, дене-тарбия иштеринин начардыгы
Ыр-бий кружокторунун жоктугу
Бош убакытта алек боло турган мекеме, үй кружокторунун, компьютер курстарынын, тил, тигүү, ашпозчу кружокторунун жоктугу
Инфраструктура жана турак жай, коммуналдык чарба. Төлөйкөн айыл аймагынын ички авто жолунун узундугу 61 км., кээ бир айылдардагы көчөлөрдүн, жолдордун абалы начар, көпчүлүгү топурак жолдор, кээ бирөөлөрүнө шагыл, кум төгүлгөн, асфальтталган жолдор аз , талкаланган. Электроэнергия менен 100% камсыз болгон,
Туризм - Төлөйкөн айылында орун алган Кыргызстандын түштүгүндөгү белгилүү ден -соолукту чыңдоочу “Мамакеев” саноториясы жана айтылуу Ак-Буура дарыясын бойлото, жеке ишкерлер тарабынан салынган заманбап эс алуу жайлары (14даана) азыркы күндө жергиликтүү жана коңшу облус райондордон келген эс алуучуларды кабыл алып, алардын ден-соолугун чыңдоосуна, эс алуусуна то лук шарттарды түзүп берүүдө.
Капиталдык салым жана курулуш - Капиталдык курулушсуз айыл-кыштактарды өнүктүрүү, же жаңылоо мүмкүн эмес. Акыркы жылдарда шаардын чегинде, айыл жерлеринде жана архитектуралык тартипте салынып жаткан жеке үйлөр, шаар айыл кыштактарды көркүнө көрк кошууда . Айрыкча эки кабаттуу үйлөрдүн салынышы элдин жашоо турмушунун жакшырып бараткандыгын далилдейт. Инвесторлордун жардамы менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. 2014-2022-жылдары капиталдык курулуш тармагы, орточо жылына 2-3 эсеге өсөт.
Чекене товар жүгүртүү жана акы төлөп кызмат көрсөтүү -
Элдин жашоо тиричилигин жакшыртууда күнүмдүк керектөөчү товарлар менен камсыздоо боюнча көрүлгөн чараларга жараша
чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2016-2018-жылдары 90518,0 миң сомго жетүүсү күтүлүүдө.
Элдин турмуш тиричилигин көтөрүүдө жана күнүмдүк муктаждыгын жоюуда бир багыт болуп тейлөө кызматы эсептелинет. Калктын калың катмарына акы төлөп кызмат көрсөтүү жылдан жылга жакшырып, аракеттүү тармактардан болууда. 2016-2018-жылдары акы төлөп кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүүсү 8 пайызга жеткирилиши күтүлүүдө.
Стратегиялык багыттарга SWOT-анализ
Күчтүү жактары
Мал чарба жана талаа дыйканчылыкты өнүктүрүү шарттары бар
A W W 1 W V#
Айыл аимактын географиялык жактан ыңгаилуу жаигашышы, Ош шаарына, аэропортко жакындыгы, темир жол станциясынын жакын аралыктагы орун алгандыгы
Сугат жерлердин элге пайда алып келиши
АК менен АӨ ортосундагы ынтымагы жана активдүүлүгү
Айыл аймакка мини ГЭСтерди курууга ыңгайлуу
Айыл аймакка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен калкка сапаттуу айыл чарба продукңиялары менен камсыз кылууга шарт бар.
Алсыз жактары
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөн боюнча калууда
Калкка маалыматтын кеч жана жетпей калышы
Төлөмдөрдүн убагында калк тарабынан төлөнбөшү
Жараандардын жоопкерчиликтерин сезбөөсү жана пассивдүүлүгү.
Мүмкүнчүлүктөр
Райондун борборунун жакындыгы
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды, цехтерди куруу менен (айран, каймак, творог, кыям, джем, сок-шире, йогурт ж.б.) айыл аймагынын калкын кошумча жумуш менен камсыздаса болот.
Айыл аймагындагы көмүр кен бассейиндерине инвеститция тартуу менен, жеке ишкерлер жана чет элдик инвесторлор иштете баштаса, калк жумуш менен камсыз болуп, айыл аймагынын экономикасы көтөрүлөт
Айыл аймагынын жаратылыш кооз аймактарына санаториялык курорттук зоона куруп, республиканын жарандарынын ден соолугун чыңдаганга ыңгайлуу
Айыл аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү күнөсканаларды көбөйтүүгө ыңгайлуу
Коркунучтар
Саясий стабилдүүлүктүн бузулушу
Мамлекеттик органдардын жергиликтүүөз алдынча башкаруунун иштерине негизсиз кийлигишүү
Текшерүүлөрдүн көптүгү
Табигый кырсыктар, сел суусунун каптоосу
Жерлердин арыктап түшүмдүүлүгүнүн азайышы.
Төлөйкөн айыл аймагынын артыкчылыктуу
багыттары:
1-Артыкчылыктуу багыт:
Айыл чарбасын жаңы технология колдонуу менен өнүктүрүү.
2017-жылга айыл аймагынын айыл чарба багытындагы абалы төмөндөгүдөй:
Төлөйкөн айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлердин жалпысы 1224 га, сугат айдоо 829 га, кайрак айдоо 395 га, көп жылдык бак-дарак 42 га , жайыт - 3048 га , саздак жерлер- 5га. Бул жерлерди дыйкан, фермер, жеке чарбалар пайдаланууда. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандарга техникалык кызмат көрсөтүп жаткан айыл чарба техникаларынын саны: каз тамандуу техникалар 2 даана, дөңгөлөктүү техникалар 14 даана жана 4 даана чөп оруучу комбайндар элдин кызматтарын аткарып келүүдө.
Мал чарбачылыгы боюнча'. малдын башынын өсүшү стабилдүү болуп, 2017-жылдын 1-январына карата айыл аймагы боюнча 3823 баш ири мүйүздүү малдар, 12040 кой жана эчкилер, 404 жылкылар жана 19699 баш бакма уй канаттуулары аныкталды.2016-жылдын январь- декабрь айларында мал чарбачылыгынан өндүрүлүүчү продукциялар эт (тирүүлөй салмакта)- 679,4 тн , сүт - 2419 тн , жумуртка - 1936 миң даана , жүн - 87,6 тн өндүрүлдү.Агрардык сектор биздин айыл аймакта экономиканын манилүү бөлүгү бойдон калууда. Ал эми жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча жайыт комитеттери түзүлүп, иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жайыт пайдалануу боюнча көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштери айыл чарба департаменти тарабынан колго алынышы керек.Айыл аймагында ветеринардыкпландык иштерди аткарууда 4 жеке менчик ветеринардык сервистер иш алып барышууда.Айыл аймагында 283 дыйкан, фермердик чарбалар, 2 айыл чарба кооперативдери, 4 мамлекеттик чарбалар катталган.
1-багыттын көйгөйлөру: - Айыл чарба багыты жаны технологиялар менен камсыз болгон эмес.
Айыл чарбасынан алынуучу киреше аз
Айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги
Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча Көйгөйдүн себептери: -Айыл аймагынын экономикасын көтөрүүдө , сапаттуу үрөндүн, жер семирткичтердин жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү өнөр жайлар аз санда.
Дыйкандарды жаны технология менен иштөө тажрыйба аз болгондуктан , өндүрүлгөн продукциянын түшүмдүүлүгү аз болуп, дыйкандардын эмгек акысы толук акталбай калууда. Көйгөйдүн кесепеттери: - Акча каражатынын жетишсидиги
Дыйкандардын билим денгээлинин төмөндүгү
Үрөндөрдүн сапатсыздыгы жана жер семирткичтердин кымбат баада келиши жана жетишсиздиги.
Дыйканчылык мезгилде күйүүчү майлардын жана тетиктеринин кымбат баада болушу
Түшүм жыйноодо ижарага алынган техникалардын кымбат баада болушу.
багыттын милдеттери: -Дыйкандарды жаны технология боюнча окутуу
Заманбап техникаларды алуу
Үрөнчүлүк борборлорун уюштуруп, жер семирткичтер менен күйүүчү майларды камсыздоо.
артыкчылыктуу багыт боюича Иш -чаралар: -
Дыйкандарды атайын адистештирилген окууларга жөнөтүү
Заманбап техникалар менен камсыз кылуу
Сапаттуу үрөндөр менен жер семирткич жана күйүүчү майлар менен камсыз кылуу
багыт боюнча күтүлгөн жыйынтыктар: Айыл аймагы айыл чарба техникалары менен жетиштүү камсыздалып, тажрыйбалуу, адистешкен дыйкандар көбөйүп, сапаттуу үрөндөр менен камсыздалып, айыл чарбасында түшүмдүүлүк жогорулап, айыл чарба түшүмдөрүн башка өлкөлөргө экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Артыкчылыктуу багыт:
Социалдык обьектилердин абалын жакшыртуу жана айылдын ннфраструктурасын өнүктүрүү (Медициналык кызмат көрсүтүүнүн мумкунчулукторун кенейтуу жана
оспурумдордун жалпы билим алуусунун натыйжалуулугуна жетишуу);
Багытка жетуудогу ички, тышкы проблемалар (тоскоолдуктар), алардын себептери
Учурда айылдык кенештин аймагында 4 орто мектеп, 1 балдар бакчасы бар. Мындан 6 жыл мурда эле мектептердин материалдык-техникалык базасы ото начар болуп, мектеп имараттары эски, талапка жооп бербеген абалда болсо бугуку кундо алардын абалы толук жакшырды. Тактап айтканда, Төлөйкөн айылында жаны мектеп имараты, Учар айылында эки кабаттуу типтуу зангыраган мектеп имараты спорт аянтчасы менен курулду. Ушул кундору Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында жаны мектеп имараты курулуш иштери башталууда. Кыргызстан айылындагы балдар бакчасынын имараты жергиликтуу бюджеттин эсебинен откон жылы капиталдык ремонттон откорулду, айланасына тосмо, дарбаза курулуп тегереги корктондурулду. Төлөйкөн айылындагы ФАП тын имараты да жаныдан курулуп, ишке берилди. . Дээрлик бардык мектептер учун жергиликтуу бюджеттин эсебинен керектуу болгон мектеп эмеректери сатыпып берилди.
Учурда айрым мектептердеги негизги көйгөй бул- компьютерлердин жетишсиздиги жана Озгур айылындагы «Ак-Буура» мектептин спорт аянтчасынын жоктугу.
Төлөйкөн айылдык кенешинин айылдарында жаш жеткинчектердин мектепке чейинки тарбиясы үчүн айылда бала бакчалардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Тактап айтканда, айыл аймагында балдар бакчасы жетишсиздиги. Кыргызстан айылындагы балдар бакчасы ремонттолуп, эмеректер менен жабдылып, азыркы учурда 150 бала тарбияланууда. Бирок бул бакча айылдардагы бакчага болгон муктаждыкты толук чече албайт. Учурда ар бир айылда балдар бакчаларын куруу зарылдыгы курч турат.
Айыл аймагында учурда 1-уй-булоолук дарыгерлер тобу жана 5-ФАП элге медициналык кызмат корсотуп келет.
*
Акыркы 3 уч жылда аталган аймактагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык абалы кескин жакшырды. Мында Төлөйкөн айыл аймагынын салымы зор. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен ФАПтардын, ҮДТнын имараттары ондолду, керектүү жабдуулар менен камсыз болдушту.
Төлөйкөн айыл аймагында 1 маданият уйу 1 китепкана бар. Бул имараттар да кийинки жылдары жергиликтуу бюджеттин эсебинен ремонттолуп, керектуу жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болот.
Ошондой эле аталган айыл аймагында спортко да озгочо маани берилген. Учурда айылдарда 2 стадион, 1 спорт комплекси иштейт. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Төлөйкөн айылында түрткү берүүчү гранттын эсебинен заманбап кичи футбол аянтчасы курлуп, пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан айылына спорт аянтчасы куруу зарылдыгы бар.
2-артыкчылыктуу багыттын көйгөйлөру: Айылдар Ош шаарына жакын жайгашкандыгына жана айылдын онугуусуно жакшы шарттар бар экендигине карабастан айылдарда коомдук мончо аз. У чар айылында гана мончо иштейт. Башка айылдын жашоочулары мончо кызматы учун шаарга барууга туура келуудо.
2-артыкчылыктуу багыттын негизги себептери:
Айыл Окмотунун бюджетинин жакшы болгонуна карбастан, бардык муктаждыктарды бир убакта чечууго АӨнүн мүмкүндүлүгү чектелуу болуусу
Азыркы мезгил талабына жараша жабдуулардын жетишсиздиги
Жергиликтуу адистердин айылдан башка жактарга кетип калышы
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор Тышкы мумкунчулуктор
Ички М\мк\нч\л\ктър
· Бир уй булолук дарыгерлер тобу,
5 ФАП бар
· Жогорку квалификациялуу кызматкерлер жетиштуу
· Туруктуу жашаган коомчулук бар жана калктын осуусу тез
· Балдар бакчаларын ишке киргизип иштетуу учун айылдарда эски имараттар бар
· Кыргызстан айылында Спорт аянтчасын курууга жер участогу бөлүнгөн
Тышкы м\мк\нч\л\ктър
| айылына ТОСтун имаратын куруу |
|
|
|
|
4. | Кыргызстан жана У чар айылына бала бакча куруу | 2017-2018-жылдар 2018- жылдар | + | + |
|
5. | О. Курбанбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куру | 20172018-жылдар | + | + |
|
6. | Озгур, Учар айылдарынын жолдорун капиталдык ремонттоо (асфальттоо) | 2017-жыл | + | + |
|
7. | Учар айылына жана Жаңы-Турмуш участкасына таза суу түтүктөрүн тартуу | 2017-жыл | + | + |
|
8. | Жапалак айылына саркынды суу агуучу түтүктөрүн тартуу (канализация) | 2017-жыл | + | + |
|
9 | Жапалак жана Озгур айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2017-жыл |
| + |
|
1 0 | Төлөйкөн айылына көпүрө куруу | 2017-жыл | + | + |
|
1 1 | Төлөйкөн айылынын каналын ондоо | 2017-жыл | + | + |
|
1 | Бардык айылдарды | 2017- |
| + | + |
2 | Бардык айылдарды газдаштыруу | 2017-2018-жылдар |
| + | + |
Төлөйкөн айыл аймагынын социалдык-инфраструктуралык деңгээли жогорулап, айылдарда элдердин жашоо шарты жакшырат. Жаштардын аң-сезими өсүп, келечекке умтулуусу, спортко болгон кызыгуулары күчөп, маданияттуулукка, адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбияланышат.
Артыкчылыктуу багыт:
Кайра иштетүү жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү менен жумуш орундарын көбөйтүү. Багытка жетүүдөгү ички, тышкы көйгөйлөр (тоскоолдуктар), алардын себептери
Төлөйкөн айылдык аймагында бүгүнкү күндө 1- кирпич чыгаруучу заводу, 4 таш майдалоочу заводу, 2 акиташ чыгаруучу ишканаД кондитер дик цехи,7 набайкана,2 тегирмен, 3 -тигуу цехи, 5 АЗС , 2 пахта тытуучу цехи, 42 авто унаа оңдоочу жай жана 39 соода туйуну , 7 ашкана, 11 жайкы эс алуучу жайы жана 1 санатория бар. Бирок айыл аймагындачакан жана орто бизнес обьектилери, кайра иштетүү ишканалары элдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн мөмө жемиштер, жашылчалар кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунанчийки түрүндө арзан баада сатылып, эл мал чарбачылыгынан жана дыйканчылыктаназ пайда алып жатат. Жумуш орундары жетишсиздигинен, калк арасында, өзгөчө жаштар арасында миграция күндөн күнгө өсүүдө.
Эл керектөөчү товарларды айылдарда өндүрүлгөн арзан баадагы айыл чарба продукцияларынан кайра иштетүү жолу менен өндүрүп камсыз кылуу жолго коюлган эмес. Ишкердүүлүктү баштоо үчүн алгачкы капиталдын жетишсиздиги,
айыл жергесиндеги күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлктөрдүн баасынын төмөндүгү кредиттик мекемелерден жетиштүү өлчөмдөгү акча каражаттарын алууга тоскоолдук болуп жатат.
Айыл өкмөтүнүн айылдары Ош шаарына жакын жайгашкандыктан бул аймакта чакан жана орто бизнес ишканаларын түзүүгө, өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк чон.
Негизги себептери
Кайра иштетуучу ишканаларды иштетуучу тажрыйбалуу адистердии жетишсиздиги
Кичи жана орто ишканаларды колдоо учун берилген кредиттердин толом пайызынын жогору болушу
Коомчулуктун ичинде кайра иштетуучу ишканаларды курууга жана жургузууго каражаты бар адамдардын аздыгы
Киреше алып келуучу ишканаларды колдоо учун донорлор тарабынан берилуучу кайтарымсыз гранттардын суммасынын аздыгы
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор
Ички мумкунчулуктор Тышкы мумкунчулуктор
Чакан жана орто ишканалар учун жумушчу кучу жетиштуу
Чакан жана орто ишканалар учун жергиликтуу табигый ресурстар жетиштуу
Айылдын жашоочуларынын жер улушунун бар болушу
Ош шаарынын борборуна жакын жайгашкандыгы
Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө кредит беруучу уюмдар коп
Ишканалар өндүргөн продукциянын кардарлары бар
Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
№ | Аткарылуучу иштер | Аткару унун болжолдуу убакты сы | Аткарууга кимдер катышат | ||
|
| ЭЛ | Айыл өкмөт Ү | башка уюмдар | |
1 | Айылдарда айыл чарба продукцияларын кайра иштетуучу чакан ишканаларды ачуу, онуктуруу | 2017- жыл | + | + | + |
2 | Айылдарда устачылык, жыгачты иштетуучу, эмерек жасоочу ишканаларды тузуу | 2017- жыл | + | + | + |
3 | Айылдарда кондитердик, нан бышыруучу цехтерди ачуу | 2017- жыл | + |
| + |
4 | Айылдарда тигүү цехтерин ачуу | 2017- жыл | + | + | + |
5 | Айылдарда курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу ишканаларды түзүү, анда жаны технологияларды өркүндөтүү | 2017 2018- жылдар | + | + | + |
З-Артыкчылыктуу багыт:
Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун сапатын жакшыртуу.
Багытка жетүүдөгү ички, тышкы проблемалар (тоскоолдуктар), алардын себептери
Жергиликтуу оз алдынча башкарууну чындоо айылдык кенештин аймагын онуктуруунун негизги багыттарынын бири. Аймакка «оз алдынчалык беруу, коомчулуктун активдуулугун
арттыруу, айылдардын абалын жакшыртууга калкты катыштыруу негизги маселе болуп саналат. Анткени, мурдагы союздук системадагыдай эмес, ар бир атуул озунун турмуштук шартын ондоого, үй бүлөөсүн жетиштуу камсыз кылууга озу аракеттенуусу зарыл.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруу талаптагы денгээлге жеткенде гана аймактарыбыз онуго алат. Бугунку кундо айыл окмотунун бардык айылдарында коомдук бирикмелер жана окмоттук эмес уюмдар тузулуп, оздорунун айылдарында оз алдынча башкарууну чындоо максатында аракеттенип жатышат. Айыл окмотунун аймагындагы ар бир айылда аялдар кенеши, аксакалдар соту, жаштар комитеттери, ардагерлер кенеши, ошондой эле Таза суу пайдалануучуларынын коомдук бирикмелери (СООППВ) иштеп жатат. Бирок учурда алардын өзүнүн ишине коомчулукту тарта билүүсү, катыштыруу су талаптагыдай эмес. Бул уюмдар актив дүү иштөөсү, элге, калкка оз алдынча башкаруунун принциптерин жеткируусу зарыл маселе болуп саналат.
Негизги себептери • Айылдык коомдук уюмдардын формалдуу иштөосү
Коомдук уюмдардын потенциалынын төмөндүгү
Коомдук уюмдарды окутуучу, аларга маалымат берүүчү маалымат борборлорунун жоктугу
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор
ИЧКИ МүМКүНЧүЛүКТөр | Тышкы МүМКүНЧүЛүКТөр |
Айылдарда коомдук бирикмелердин бар болушу Айылдарды онуктурууго элдин ынтызарлыгы Аймактагы жашаган элдердин сабаттуулугу жогору | Айылдардын облустук борборго жакын жайгашышы Донорлордун аймакка болгон кызыгуусу |
Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
№ | Аткарылуучу иштер, же долбоорлор | Аткаруунун болжолдУУ убактысы | Аткарууга кимдер катышат | ||
|
| ЭЛ | Айыл окмоту | Башка уюм | |
1 | Айылда маалымат борборун ачуу | 2017-2018- жылдары | + | + | + |
2 | Айылдарда ишке ашып жаткан кичидолбоорлорго калкты активдуу катыштыруу | 2017-2018- жылдары | + | + | + |
3. | Айылды онуктуруу боюнча жалпы элдик чогулуштарга, чечим кабыл алууга элди катыштырууга жетишуу | 2017-2018- жылдары | + | + | + |
4. | Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын жургузуп жаткан иштери боюнча Эл алдында отчет беруусун жакшы жолго коюу | 2017-2018- жылдар | + | + | + |
5. | Элдин коомдук активдуулугуно жетишуу учун аларга маалыматтарды жеткируу жана окутуу | 2017-2018- жылдар | + | + | + |
Мониторинг жана баалоо.
Алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде пайдаланылбай калган резервдерди ишке киргизүү жана керектүү чараларды кабыл алуу.
Ар бир тармактар боюнча негизги көрсөткүчтөрдү статистикалык отчетко киргизүү. Бул программанын
аткарылышына коомдук жана мамлекеттик эмес уюмдарды тартуу менен коюлган максаттарга жетүү.
Инвеститциялык проектилердин сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу, инвестициялык проектилерди аткаруунун каржы булактары негизинен чет элдик инвеститцияларды тартуу менен, ошондой эле, жеке ишкерлердин каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен болот. Бул программанын аткарылышынын натыйжасында, айыл аймактын экономикасы жогорулап өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, калкты тейлөө жакшырат, айыл чарбасында сугат айдоолор толук пайдаланылып, талаачылык өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулайт, мал чарбасынан алынуучу продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, билим берүү тармагында окуучуларга жакшы шарттар түзүлөт, калк таза суу менен камсыз болуп, ден соолугу чың болот.
Жыйынтыктап айтканда, айыл округдун социалдык- экономикалык артыкчылыктарын, материалдык-сырьелук базасын, географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөндөгү тармактарга артыкчылык берүү максатка ылайыктуу деп эсептесе болот.
Айыл чарбасы - өндүрүштүк, сервистик жана башка кооперативдерди өнүктүрүү, тармакка азыркы илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу.
Кайра иштетүү өнөр жайы, мал чарба жана талаачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү парниктерди көбөйтүү, кайра иштетүүчү цехтерди куруу, иштеп жаткан ишканалардын негизги каражаттарын жаңылоо. Айыл өкмөт аймагында малдардын терисин кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан, бул сырье арзан баада кайра иштетилбестен, айыл өкмөт аймагынан сыртка чыгып кетүүдө.
Төлөйкөн айыл аймагынын 2013-2017 -жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү программасынын иш чаралары
№ | Иш чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
Онөр жайы | ||||
1. * | Айыл аймагында кичи жана орто бизнес субьектилеринин ишмердүүлүгүн стабилдүү өнүктүрүү, жогорулатуу үчүн туруктуу жагымдуу шарт түзүү менен бирге бюрократтык жана административдик тоскоолдуктарга, мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөөнү камсыз кылуу. | Айыл аймагы, айыл аймагына тиешелүү мекемелер жана айыл башчылар | 2013-2014-ж. | Ишкерлердин ишмердүүлүгү жогорулайт, кичи ишканалардын иштөөсүнө шарт түзүлөт. |
2. | Жергиликтүү сырьелорду жана экономикалык потенциалды толук иштетүү менен экономикалык өсүштү камсыз кылуу | Айыл аймагы, чарба субьектилери, орто жана кичи ишканалар | 2013-2017 | Дыйкан-фермердик чарбалар өндүргөн продукцияны жогорку баада сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот |
3. | Иштеп жаткан ишканаларды жаны технологиялардын жардамы менен өзгөртүү, товарлардын сапатын көтөрүү | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Чыгырылып жаткан товарлардын өтүмдүүлүгү жогорулайт |
4. | Токтоп турган ишканаларды жандандыруу, инвесторлорду тартуу | Айыл аймагы, ишкерлер | 2013-2017 | Өндүрүш өнүгөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт |
5. | Өндүрүштү өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу менен экспортго багытталган продукцияларды чыгарууга жарамдуу ишканаларды ишке киргизүү | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Райондун экономикасы өнүгөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт |
6. | Өнөр жай ишканаларынын чыгарылган продукцияларынын көлөмүн эки эсеге жогорулатуу. | Орто жана кичи ишканалар | 2013-2017 | Элдин керектүү продукциялар менен камсыз б олушу жогорулайт |
7. | Айыл аймагында текстиль жана тигүүчү өнөр жай тармактарын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, кичи тигүү цетерин ачуу. | Айыл аймагы, чарба субьектилери, ишкерлер | 2013-2016 | Кыз-келиндер жумуш менен камсыз бол ушат |
Айыл чарабасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | ||||
1. | Ветеринарияны өнүктүрүү жана малдардын ар кандай ооруларына карты күрөшүүнү күчөтүү | айыл аймагы, айыл аймагынын вет.сервистери | 2013-2017 | Ар кандай малдардын ооруларын алдын алуу жана мал чарбасынын өнүгүшүнө ынгайлуу шарттар түзүлөт. |
2. | Майда чарба субьектилерин айыл чарба кооперативдерине бириктирүү. | Айыл округдары, чарба субьектилери |
| Айыл чарба азык-түлүгүнүн дүң өндүрүлүүсү көбөйөт |
|
|
| 2013-2017 |
|
3. | Суу системасынын жана суу курулуштарынын эффективдүүлүгүнүн жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу. | Айьш аймагы, чарба субьектилери, суу чарба башкармасы | 2013-2017 | Суу барбаган жерлерге суу барат жана элге жерди иштетүү үчүн ынгайлуу шарттар түзүлет. |
4. | Сугат суу линияларын куруу жана суу каналдарды тазалоо. | Айьш аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Эл таза суу жана арык суусу менен камсыз болот. |
5. * | Сапаттуу айыл чарба өсүмдүктөрүн үрөнүн даярдап, дыйкан-фермердик чарбаларга сунуштоо | Агрардык өнүктүрүү департаменти, айыл аймагы, үрөнчүлүк чарбалар | 2013-2017 | Дыйкан-фермердик чарбалар сапаттуу үрөн менен камсыздалып, түшүмдүүлүк жогорулайт |
6. | Түшүмдүн өндүрүмдүүлүгүн максималдуу түрдө жогорулатуу | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт |
7. | Айыл аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү парниктерди көбөйтүү | Айылбашчылар, ишкерлер, эл аралык уюмдар | 2013-2015 | Калкты айьш чарба продукциялары менен камсыздоо |
8. | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү максатында Ата-Мекендик жана чет элдик инвестицияларды тартуу. | Айьш округдары, Чарба субьектилери | 2013-2017 | Айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүүлүсү көбөйөт |
9. | Жергиликтүү ишкерлердин жана инвестициянын эсебинен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кичи- цехтердин курулушуна көмөктөшүү. | Айыл округдары, Чарба субьектилери, жеке ишкерлер | 2013-2017 | Иш орундарынын өсөт жана продукциялардын сапатынын жогорулайт. |
10. | Айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча базарлардын аянтын чонойтуу. | айьш аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Айыл чарба продукцияларын сатууга жакшы шарттар түзүлөт. |
11. | Мал союучу кушканаларды легалдаштыруу жана ал жердеги шарттардын санитардык абалын жакшыртуу. | Вет сервистер, айыл аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Эл сапаттуу эт менен камсыз болот жана кошумча каражаттардын түшүшү көбөйөт. |
12. | Дүңү менен соода кылуу базарларды түзүү жана айыл чарба продукцияларын ички жана тышкы базарларга чыгаруу. | айьш аймагы, чарба субьектилери | 2013-2017 | Дүңү менен соода кылуучу базарларды көбөйтүү. |
Энергетика |
| ||||
13. | Папан жана Жаңы-Арык айыл аймагындагы дарыяларга инвесторлордун жардамы менен кичи ГЭСтерди куруу | Айыл аймагы, демөөрчүлөр жеке ишкерлер | 2013-2017 | Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо | |
| Курулуш | ||||
1. | Турак жай курулушуна жеке инвестицияларды эффективдүү тартуу менен турак жай көйгөйлөрүн чечүү. | Айьш аймагы, жер адистер | 2013-2017 | Жеке инвестицянын көлөмү өсөт | |
| |||||
|
|
|
|
| |
Туризм | |||||
1. | Айыл аймагындагы туристик обөектилер, жаратылыш кооз жерлёри жөнүндө видео роликтерди, жарнактарды, буклеттерди жана башка маалымат булактарын чыгаруу менен туризмди өнүктүрүү. | айыл аймагы, ММК | 2013-2017 | Туристер районго көп тартылат | |
2. | Сырткы жана жергиликтүү инвесторлордун жардамы менен райондогу туристик обьектилерди ондоп түзөө иштерин жүргүзүү | айыл аймагы | Жыл сайын | Туристердин эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. | |
3. | Туристик обөектилерге баруучу жолдордун абалын жакшыртуу | айьш аймагы, айьш башчылар | 2013-2017 | Туристер айьш аймагына көп тартылат | |
С'осда жана кызмат көрсотуү | |||||
1 | Айыл аймагында борбордук базарларды өнүктүрүү планын аткаруу, шартынын жана элге кызмат көрсөтүүсүнүн абалынын жакшыртуу. | Айьш аймагы,, ишкерлер | Жыл сайын | Сатып алуучу кардарлардын саны өсөт | |
2 | Элге акчалай кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өстүрүү. | Айьш аймагы | 2013-2017 | Элге кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өсөт | |
3 | Күз-кыш мезгилинде элди көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр пунктарын ачуу | Айыл аймагы | Жыл сайын | Элге кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өсөт |
|
|
|
|
|
|
|
Транспорт жана баиланыш |
| ||||
1. | Жалпы колдонуудагы унаа жана жөө жолдорду ремонттоо жана аларды такай көзөмөлдөө. | айьш аймагы, айыл башчылар | Жыл сайын | Жолдордун абалы жакшырат. Жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. | |
2. | Айыл аймагына караштуу айланып етүүчү айланма жолдорду бүтүрүү | Айыл башчылар | 2013-2017 | Жолдордун ондолушу |
3. |
|
|
|
|
Мсктсптик бил им беруу |
| |||
1. | Билим берүү мекемелеринин жана обьектилерин куруу жана ондоо | Айыл аймагы | 2013-2017 | Билим сапатын жогорулатуу, жаңы окуучулук орундарьшын санын көбөйтүү |
2. | Сапаттуу билимге жетүү үчүн шарттарды түзүү, материалдык техникалык базасын чындоо | Айыл аймагы, мектеп директорлору | 2013-2017 | Компьютердик техника, көрсөтмө куралдар, китеп менен камсыз кылуу |
3. | Айыл аймагына караштуу мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыздоо | Айыл аймагы, мектеп директорлору | 2013-2017 | Билим сапатын жогорулайт |
4. | Мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту жоюу максатында атайын иш-чараларды аткаруу | Айыл аймагы, мектеп директорлору | 2013-2017 | Жаштар арасындагы кылмыштуулук азаят. |
Саламаттык сактоо тармагында | ||||
1. | Саламаттыкты сактоо обьектилериннн куруу, ондоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо(ФАПтар) | Айыл аймагы, ҮДТ | 2013-2017 | Алыскы айылдарда жашаган тургундарга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлөт |
2. | Медициналык кызматкерлердин нштерин активдештирүү | Айыл аймгы | Ар дайыма | Атуулдардын ден солугун чыңдоого үйрөтүү, ар түрдүү жугуштуу оорулар жөнүндө калк арасында санитардык агартуу иштерин күчөтүү |
Укук коргоо тармагм | ||||
1. | Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укуктук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун деңгээлин түшүрүү | Айьш аймагына караштуу участкалык инспекторлор | 2013-2017 | Калктын коопсуздугун сактоо |
Эмгек миграциясы жана иш менен камсыздоо | ||||
1. | Калкты жумуш менен камсыз кылуу деңгээлин коомдук акы төлөө жумуштарын уюштуруу менен жогорулатуу. | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси,айыл башчылар | 2013-2017 | Калктын жумуш орду,эмгек базары маселелери боюнча билдирүүлөр менен камсыз болуу деңгелин жогорулатуу |
2. | Жаңы жумуш орундарын түзүү жумушка жайгашкан атуулдардын санын көбөйтүү | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айыл башчылар | 2013-2017 | Жумушсуздардын санын кыскартылат |
3. | Эмгек миграциясын оптималдаштыруу чет элдик атуулдардын жумуш ордуна дайыма мониторинг жасоо | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айьш башчылар | 2013-2017 | Жергиликтүү бюджеттке камсыздоо төлөмдөрүн түшүрүү |
4. | Эмгек рыногу маселесинде калктын маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу | Айьш аймагы, жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айыл башчылар | 2013-2017 | Калктын маданияттуулугун жогорулатуу |
5. | Жаштар үчүн бизнес-инкубаторлорду түзүү менен аларды кесипке үйрөтүү, жумуш менен камсыз кылуу | Айыл башчылар, эл аралык уюмдар | 2013-2017 | Жумушсуз жаштардын саны азаят |
Маданият тармагьшда | ||||
1. | Маданиятты өнүктүрүү боюнча айылдык конкурстарды өткөрүү | Айыл аймагы, айьш аймагынын маданият кызматкерлери, | 2013-2017 | дүйнөлүк маданият алкагында Кыргызстанды интеграциялоо |
2. | Маданият мекемелерин курууну жана капиталдык ремонттон өткөрүүнү тиешелүү каражаттардьш жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашыруу | Айьш аймагы., маданият кызматкерлери, а-к депутаттары | 2013-2017 | Чыгармачыл ишмерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү |
Дене тарбчя, спортгу өнүктүрүү жана жанггар саясаты | ||||
1. | Денетарбия жана спортту өнүктүрүү, спорттук комплекстерди, аянттарды жана башкаларды куруу | Айыл аймагы, айыл башчылар | 2013-2017 | Материалдык-техникалык базасын чындоо |
2. | Калк арасьшда чын ден-соолукта жашоо образын үгүттөөнү күчөтүү | Айьш аймагы, айьш башчылар | 2013-2017 | Ден соолукта жашоону жакшыртуу |
3. | Айыл аймагында жаштар борборлорун түзүү, семинар, түрдүү конкурстарды, КВН, дебаттарды уюштуруу менен алардын интелектуалдык деңгээлин, билимин жогорулатуу, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын | Айыл аймагы, айыл башчылар, эл аралык уюмдар | 2013-2017 | Жаштар арасында кылмыштуулук азаят |
| коштуруу. |
|
|
|
Экологиялык коопеуздукту камсыздоо. | ||||
1. | Экологиялык абалды жакшыртуу максатында иш чараларды иштеп чыгуу | Айьш аймагы, айыл башчылар | 2013-2017 | Экологиялык абалдын жакшырышы |
2. | Айыл аймагындагы экологиялык корук аймактардын абалдарын жакшыртуу боюнча ички жана тышкы инвестицияларды тартуу | айьш аймагы, а-к депутаттары,айыл башчылар | 2013-2017 | Коопсуз экологиялык аймакты түзүү |
3. | Экологияга зыяндарды альш келүүчү факторлор менен такай иш алып баруу | айьш башчылар | 2013-2017 | Экологиялык булганычтарды алдын алуу. |
4. | Экологияны коргоо боюнча ар кандай массалык маалымат иштерин жүргүзүү жана семинар-тренингдерди өткөрүү. | айьш аймагы | 2013-2017 | Экология боюнча билимдерди жогорулатуу. |
Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш чаралар . | ||||
1. | Жалпы элдин арасында өзгөчө кырдаалдар учурундагы абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул боюнча чет элдик уюмдар менен иш алып баруу | МЧС бөлүмү (жер адистери), айыл башчылар, мекеме- уюмдар | 2013-2017 | Ар кандай өзгөчө кырдаалдарга элдин даяр б олушу жана ал боюнча сабаттулугунун жогорулашы. |
2. | Ар кандай кырсыктарга каршы иш чараларды иштеп чыгуу. | МЧС бөлүмү ( жер адистери), айьш башчылар, мекеме- уюмдар | 2013-2017 | Элдин маалыматтар менен камсыз б олушу. |
3. | Селге жана ар кандай көчкүлөргө каршы жумуштарды күчөтүү максатында инвестицяларды тартуу. | МЧС бөлүмү, айьш округдар, мекеме- уюмдар | 2013-2017 | Жалпы экологиялык абалдын жакшырышы. |
(.
Төлөйкөн айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2017-жылга карата түзүлгөн инвестиӈиялык план
№ К м | Долбоордун аталышы | Кичи долбоор гүрү ( коду) | Аткаруу мөөноту(баштоо аяктоо айлары) | Бекитилген жалпы сумма (сом) | Анын ичинен, каражылоо булактары (план) (сом) | Эскертүү | ||
ЖБ | АРИС | Башкалар | ||||||
1 | Кыргызстан айылына спорт зал куруу |
| 2017-ж | 10 ООО ООО | 1 600 000 | 8 400 000 |
| 2017-жылга сунушталган |
2 | Коргон айылынын ички жолун асфальттоо |
| 2017-жыл | 1 961 515 | 253 642 | 1 500 000 | 207 873 | 2017-жылга сунушталган |
3 | Дыйкан-Кыштак айьшына коомдук борбор куруу |
| 2017-ж | 8 758 403 | 3 000 000 |
| 5 758 403 | 2017-жылга сунушталган |
4 | Учар айьшына таза суу түтүктөрүн тартуу |
| 2017-ж | 1 500 000 | 1 500 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 | Айылдарга 25 даана столба сатып алуу |
| 2017-ж | 250 000 | 250 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
6 | Жапалак айылынын көчөсүн жарыктандыруу |
| 2017-ж | 350 000 | 350 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
7 | Жапалак айылына канализация тартуу |
| 2017-ж | 1 000 000 | 1 000 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
9 | Чурулдай көчөсүнүн жолдорун асфальттоо |
| 2017-жыл | 1 200 000 | 1 200 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
10 | О.Курбанбаев орто мектебинин имаратын курулушу |
| 2017-жыл | 65 000 000 |
|
| 65 000 000 | 2017-жылга сунушталган |
11 | Төлөйкөн айылына скважинадан суу чыгаруу |
| 2017-жыл | 600 ООО | 600 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
12 | Озгур айьшынын жолун асфалытоо |
| 2017-жыл | 1 200 ООО | 1 200 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
13 | Кыргызстан айылына сугат суу түтүктөрүн тартууга |
| 2017-жыл | 2 ООО ООО | 1 500 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
14 | Жаңы -Турмуш таза суу түтүктөрүн орнотуу |
| 2017-жыл | 200 000 | 200 000 |
|
| 2017-жылга сунушталган |
15 |
|
|
|
|
|
|
| 2017-жылга сунушталган |
| Н.Сайдиев орто мектебинин эски иамартын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага ылайыкташтыруу |
| 2017-ж | 5 512 632 | 2 512 632 |
| 3 000 000 | 2017-жылга сунушталган |
Төлөйкөн айыл аймагынын башчысы: А.Абдукаримов
ФЭБ башчы: Г Бердиева