Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
10.02.2017-жыл. № 30-7
«Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Төлөйкөн айылөкмөтүнүн 2016-жылга аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын корутундусунун негизинде жана Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Бердиеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга бюджеттик кирешелер 21695,2миң сом, чыгашалар бөлүгү 19490,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга карата Төлөйкөн айылөкмөтүнүн бюжетинин кирешелери жана чыгашалары 18655,6 мин сомго бекитилсин.
3. 2017-жылга Төлөйкөн айылөкмөтүнүн атайыл каражатынын кирешелер жана чыгашалары 1079,0 миң сомго бекитилсин
4. Атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөң чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүпггүрүлсүн жана корголгон статьялардыү биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын (эмгек акы, соц-фонд. коммуналдык кызмат жана тамак-аш жана башкалары).
5. Айыл өкмөткө 2017-жылдын бюджетине берилүүчү толуктоо грант 6732,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2016-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү башкаруу аппараттын каржылоосуна 5308,0 миң сомго, айыл чарбасына 700,0 миң сом, турак-жайга 8638,2 мин сом, библиотекага 185,0 миң сом, маданиятка 500,0 миң сом, бала бакчага 466,2 миң сом, билим берүүгө 2068,2миң сом, соц. жардамга 790,0миң сом өлчөмүндө бекитилгени менен суралсын.
7. Төлөйкөн айылөкмөтүнүн атайыл каражаты 1079,0мин сом бала бакчага жумшалсын.
8.К.Р.Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлунун №403 токтомуна ылайык аппарат кызматкерлердин 33 штат бирдиктери каралсын, анын ичинен 4 айыл башчысы жана 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
9. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн башчысыжана ФЭБ башчысына: айылөкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлардү киргизүүгө «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык айылдык кенештин депутаттарынын макулдугу менен уруксат брилсин.
10.2015-жылдан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эсебинде калган 4279, бмин сом акча каражаты:
179,6 сом башкаруу аппаратына;
4100,0миң сом турак-жай, бөлүмүнөжумшалсын.
11. К.Р. «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүнрезервдик фонду 181,6миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана киреше, чыгаша бөлүмдөрү боюнча Төлөйкөн айылдык кенештин төрагасына жана айылдык кенешинин финансы жана бюджет комитетине 6-9 айлык жыйынтыгы боюнча билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысы Г. Бердиевага милдеттендирилсин.
13. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүүн божомолу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
14. Бул токтомдун аткарьшын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |